Курс USD 88.38 / 89.24
Курс EUR 94.78 / 95.77
Курс RUB 0.959 / 0.980
Курс KZT 0.138 / 0.207
USD USD
88.38 / 89.24
EUR EUR
94.78 / 95.77
RUB RUB
0.959 / 0.980
KZT KZT
0.138 / 0.207

MBANK менен автоунааны болгону бир нече басуу менен кайра каттоого болот

Кардарлардын максималдуу ыңгайлуулугу жана убактысын үнөмдөө максатында өлкөнүн санариптик банкы MBANK мамлекеттик кызматтарды өзүнүн тиркемесинде санариптештирүү жана интеграциялоо иштерин жигердүү улантууда.
MBANK менен автоунааны болгону бир нече басуу менен кайра каттоого болот

Тиркемеде унаа сатып алуу же сатуу үчүн мындан ары документ иштери менен алектенүүнүн же мамлекеттик органдарга баруунун кажети жок. Автоунааны кайра каттоо, сатып алуу, сатуу келишимине кол коюу жана мамлекеттик номурду жаңы тандоо боюнча бардык зарыл процедуралар жеткиликтүү.

«Биз кыргызстандыктар үчүн мамлекеттик кызматтарды жөнөкөйлөштүрүүнүн канчалык деңгээлде маанилүү экенин түшүнөбүз. Ошондуктан пайдалуу кызматтарды үзгүлтүксүз киргизип жатабыз. Биздин кардарлар унааны онлайн кайра каттоонун жаңы кызматын жогору баалашат жана тейлөө борборуна барбай  убактысын үнөмдөй алышат деп ишенебиз», - деп белгилейт MBANKтын санариптик кызматтарды өнүктүрүү жана эквайринг тармагын өнүктүрүү боюнча директору Кубаныч Шатемиров.

Жаңы кызмат министрлер кабинети бекиткен пилоттук долбоордун алкагында ишке киргизилди. Ал жарандарга унааларды онлайн түрдө кайра каттоого мүмкүндүк берет. Ал кызматты колдонуу үчүн болгону MBANKка кирүү керектелет.

Унааны кайра каттоо жана сатуу, сатып-алуу келишимин каттоо үчүн унаа ээси жана сатуучу төмөнкү кадамдарды аткаруусу керектелет: 

  • MBANK тирмесесине катталган болуусу;
  • «Унааны кайра катоо» бөлүмүн тандоосу;
  • MBANKта бир нече секунданын ичинде ала турган жарактуу электрондук цифралык кол тамгасы болуусу зарыл.

Онлайн кайра катоо системасы жарандардын туумдар, салыктар, транспорттук каражаттар боюнча карызы жана туумдары болбогон учурда гана жеткиликтүү болот.  Ошондой эле, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүнөн 30 күндөн ашпаган убакытта техникалык кароодон  өткөн болуусу керектелет.

Мындан тышкары MBANK тиркемесинде кыргызстандыктар үчүн 30дан ашык мамлекеттик жана пайдалуу кызматтар киргизилген. Мисалы: туумдарды, салыктарды жана юридикалык карыздарды төлөө, санариптик кол тамгаларды алуу, санариптик документтерге жетүү жана башка көптөгөн нерселер. 

MBANK – биринчи санарип!

3084
2023-12-25T16:38:25+06:00