Бул тууралуу Мамлекеттик думанын каржы рыногу боюнча комитетинин башчысы Анатолий Аксаков «Известия»басылмасына берген маегинде билдирди.
Сунушка ылайык, жеке адамдар үчүн 100 миңден 200 миң рублга чейин, юридикалык жактар үчүн 700 миңден бир миллион рублга чейин айып пул салынышы мүмкүн. Мындан тышкары, мыйзам бузуу менен эсептешүүлөрдө колдонулган криптовалюта конфискацияланат.
Ошол эле учурда, биткоиндин наркы өсүүсүн улантууда. 14-июлда анын Binance биржасындагы баасы 120 миң доллардан ашып, жаңы тарыхый максимумга жетти. Мурунку рекорд 10-июлда Coinbase платформасында коюлган - анда анын баасы 112 миң долларга жетип, жалпы рыноктук капитализация 2,17 триллион доллардан ашкан.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.