Садыр Жапаров баласынын «Берекет Банктагы» катыштыгына түшүндүрмө берди

Президент Садыр Жапаров «Кабар агенттигине берген кезектеги маегинде жаңы ачылган «Берекет банк» тууралуу комментарий берип, анын негизделиши дүйнөгө белгилүү Binance компаниясынын ээси Чанпен Чжаонун сунушу менен болгонун билдирди.

Садыр Жапаров баласынын «Берекет Банктагы» катыштыгына түшүндүрмө берди
Сүрөт: Президенттин маалымат кызматы

Мамлекет башчынын айтымында, бул жеке бизнес долбоор болуп, Кыргызстанга ири көлөмдөгү инвестициялар тартылары күтүлүүдө.

«Ушул жылдын май айында дүйнө жүзүнө белгилүү Binance компаниясынын кожоюну Чанпен Чжао бизге келгенде идея берип, биргелешип санарип банк ачуубузду сунуштаган. Мен дароо эле мамлекеттик банк кылалы деген оюмду айткам. Ал болсо мамлекеттик банкка кирүүгө каалоосу болбоду. Ошентип, мамлекеттик банк болсун деген сунушум өтпөгөндөн кийин жеке банк ачууга макул болдук», - деп билдирди Садыр Жапаров. 

Президент белгилегендей, Марат Султанов мурдагы банкир катары чакырылган, ошондой эле катарда анын баласы Нурдөөлөт Нургожоев да бар. 

«Чанпен Чжао менен Марат Абдразакович Нурдөөлөт да кирсин деп суранышты. Ары ойлонуп, бери ойлонуп анан мамлекеттин бир тыйын тиешеси жок болгондон кийин мейли деп уруксат бердим. Алар менен аралашып, тажрыйба топтой берсин дедим. Мамлекеттик иштерге киришпей жеке иштери менен алек болгондору жакшы эмеспи», - деген өлкө башчы. 

Садыр Жапаров анын туугандары мамлекеттик иштерге аралашпаганын, ишкерлик менен гана алектенишерин белгиледи. 

«Бийлик башына келгениме 5 жылдан ашты. Ушул жылдар аралыгында үй-бүлө, бала-чакамды эмес, бир туугандарымды да мамлекеттик иштерге аралаштырган жокмун. Бир үйдөн бир эле саясатчы чыкса жетет. Силер бизнес кылгыла, өндүрүш ачкыла, өлкөгө инвесторлорду тартуу менен алек болгула деп келем. Баары мени угуп, мамлекеттик иштерге аралашкан жок», - деди ал. 

Банктын келечеги тууралуу кепти улай, мамлекете башчысы банк виртуалдык активдер жана санарип валюталар менен иштеген банк болорун белгиледи. 

«Албетте, кадимки эле банктардай болот. Бирок, көбүн эсе виртуалдык активдер жана санарип валюталар менен иштеген банк болот. Binance компаниясынын катышуусу менен Кыргызстанга ушул банк аркылуу өлкөгө миллиарддаган каражаттар келет. Башка негиздөөчүлөр да кирет бул банкка», - деди ал. 

Ошондой эле президент балдары экономика жана финансы жагын окуп бүтүшкөнүн кошумчалап, бара-бара практика жүзүндө тажрыйба топторун билдирди. 

«Эң негизгиси - эч кам санабагыла. Бул аракеттен кыргыз эли пайда гана көрөт. Кирешесин эл менен бөлүшөт. Жетим жесирлерге жардам берет. Социалдык обьектилерди салышат дегендей», - деп жыйынтыктады президент. 

Эске салсак, КРнын Улуттук банкы 2025-жылдын 10-октябрында «Берекет Банк» жабык акционердик коомун уюштурууга уруксат берген. 

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться