Документке ылайык, 2025-жылдын 30-июнуна карата Кыргыз Республикасында турак жайга жеткиликтүүлүк индекси 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жакшырды. Үй сатып алуу үчүн орточо үй-бүлөгө акча топтоо үчүн талап кылынган убакыт 8,1ден 7,5 жылга кыскарды.
Эсептөөлөргө ылайык, бул оң тенденция орточо айлык номиналдык эмгек акынын өсүү темпи кыймылсыз мүлккө болгон баанын өсүшүнөн ашып түшкөндүгүнө байланыштуу. Жыл ичинде эмгек акы 19%га, ал эми турак-жай баасы 14,7%га өскөн.
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча, 54 чарчы метр батирди сатып алуу үчүн үч адамдан турган үй-бүлөдөн эки үй-бүлө мүчөсү орточо 42 020 сом номиналдык эмгек акысын үнөмдөөсү керек болчу. Мында үй-бүлөлүк керектөө бюджетинин минималдуу көлөмү 26 309,8 сомду же жалпы кирешенин 31,3%ын түздү.
Эми мындай үй-бүлөгө турак жай сатып алууга каражат топтоо үчүн орточо 7,5 жыл керектелет, бул калктын турак жайга болгон жеткиликтүүлүгүнүн жогорулаганынан кабар берет.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекте кыймылсыз мүлктүн баасы тынымсыз көтөрүлүп, инфляциядан бир топ ашып баратканын маалымдаганбыз.
Ошондой эле Banks.kg редакциясы Кыргызстандагы ипотеканын шарттары тууралуу да макала жарыялаган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.