Бишкек ШИИББнын маалыматына ылайык, кылмышка шектүүлөр өздөрүн ИИМдин, УКМКнын жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырып, жабырлануучуларды «коопсуз эсептерге» акча которууга көндүрүшкөн.
Мындай кылмыштуу аракеттердин натыйжасында жабырлануучу жалпы суммасы 20 миң доллар жана 1 миллион сом өлчөмүндө материалдык чыгым тарткан. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 2,7 млн сомдон ашкан.
Көп өтпөй милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөрдүн өздүгү аныкталып, 2004 жана 2006-жылы туулган жарандар кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аларга карата «Алдамчылык» беренеси менен иш козголгон.
Бишкек ШИИББ милиция жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери эч качан телефон аркылуу акча которууну талап кылбай турганын эскертти.
Эске салсак, жакында эле шаар тургунун «тыюу салынган уюмдарды каржылоого тиешеси бар» деген жалган маалыматтарды айтып, психологиялык басым көрсөтүү жолу менен 7 миллион 800 миң сом акча каражатын ээлеп алууга шектүүлөр кармалышкан. Ошондой эле пенсионерлерди банкоматтын алдынан алдоого шектүү да колго түшкөн, мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагынан чет өлкөнүн жарандарына карата алдамчылык аракеттерди жасаган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.