Насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюуну белгилөө жана алып салуу тартиби жакынкы арада бекитилет

Бул тартипти белгилөөгө багытталган токтом долбоору КРнын Улуттук банкы тарабынан иштелип чыккан. Өзүнө-өзү тыюу салынган учурда насыя алуу мүмкүнбү жана бул механизм кандай иштейт, Улуттук банктан Banks.kg порталына түшүндүрмө беришти.

Насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюуну белгилөө жана алып салуу тартиби жакынкы арада бекитилет
Иллюстрациялык сүрөт

- Өзүнө-өзү тыюу салынган маалда кантип насыя алуу керек? 

- Кредиттик келишим түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу - кредиттик маалымат субъектинин - жеке жактын банк же банктык эмес финансы-кредиттик уюм тарабынан аны менен кредиттик келишим түзүүгө тыюу салууга өз алдынча эркин билдирүү.

Өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө, ошондой эле тыюу салууну алып салуу кредиттик маалымат субъекти - жеке жак тарабынан Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу өз алдынча же Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталган башка ыкма менен акысыз жүзөгө ашырылат.

Белгиленген өз алдынча тыюу салуу бул өзүнө-өзү тыюу салууну белгиленгенге чейин кредиттик мекемелер менен түзүлгөн кредиттик бүтүмдөр боюнча тескери күчкө ээ болбойт.

Ошентип, жеке тарап кредит алуу үчүн Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы («Түндүк» тиркемеси) аркылуу өзүнө коюлган тыюуну өз алдынча алып салышы керек.

Кошумчалай кетсек, кредиттик мекемелер ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан лицензияланган жана Кредиттик бюролордун мамлекеттик реестрине киргизилген маалыматтарды иштеп жаткан кредиттик бюролордон кредиттик келишим түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуунун бар экендиги жөнүндө маалыматты талап кылууга милдеттүү. Кредиттик келишимди түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалыматтар кардардын макулдугусуз эле кредиттик бюрого жиберилиши мүмкүн.

- Өзүнө- өзү салган тыюуну алып салгандан кийин маалымат канча убакытта жаңыртылат? Бул механизм кандай иштейт?

- Жогоруда белгиленгендей, өзүнө-тыюу салууну белгилөө, ошондой эле аны алып салуу жеке тараптан Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу өз алдынча же Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталган башка ыкма менен акысыз түрдө жүзөгө ашырылат.

Өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөөнүн башталышынын мөөнөттөрүн, аныктыгын жана аяктоосун аныктоонун тартиби, белгилөөнүн формасы жана өзүнө тыюу салууга (тыюуну алып салууга) карата талаптар Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат.

Ошону менен катар баса белгилей кетсек, КРнын Улуттук банкы тарабынан «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору иштелип чыккан, анда өзүнө-өзү тыюуну белгилөө жана алып салуу тартиби белгиленген. Токтом долбоору коомдук талкуудан өтүп, жакынкы аралыкта бекитилет.

Эске салсак, Улуттук банк Башкармасынын «Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому 2025-жылдын сентябрь айында коомдук талкууга чыгарылган. 

Ошондой эле, 1-марттан тарта Орусияда жарандарга насыя берүүгө өзүн-өзү тыюу салууга уруксат берген мыйзам күчүнө кирген. Бул алдамчылар менен күрөшүүгө багытталган. Бирок аталган мыйзам күчүнө киргенден тарта  орусиялыктар микрокредиттерди көп ала башташкан.