2025-жылы кызмат көрсөтүү жана азык-түлүк дээрлик 10%га кымбаттаган

2025-жылдын январь-декабрында мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин жалпы республика боюнча өсүшү 9,4 пайызды түздү.

2025-жылы кызмат көрсөтүү жана азык-түлүк дээрлик 10%га кымбаттаган
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымында, мында баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 9,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге - 8,0 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга - 7,8 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери - 11,2 пайызга жогорулады.

2025-жылдын декабрында республиканын бардык региондорунда керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалган. Мында баалардын максималдуу өсүшү - 11,6 пайыз Ош шаарында катталды, бул азык-түлүк эмес товарларынын 12 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин эң көп - 13,5 пайызга кымбатташы менен шартталды. 

Баалардын максималдуу өсүшү азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга - 13,1 пайызга Чүй облусунда, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге - 14,4 пайызга Ысык-Көл облусунда катталган. 

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.