Simbank - Doscredobankтан жаңы мобилдик сервис
Simbank тиркемесинде катталгандан кийин дароо кардарлар кредиттик лимити бар
стилдүү кара VIsa картаны тариздей алышат. Карта болгону 3 мүнөттө таризделет жана кардар үчүн ыңгайлуу жерге акысыз жеткирилет. Ошондой эле картаны Doscredobank
бөлүмдөрүнүн биринен өз алдынча алып кетүүгө болот: (Сизге ылайыктуу даректи Simbank тиркемеси аркылуу тандасаңыз болот).
Simbank кардарларынын негизги мүмкүнчүлүктөрү:
- 62 күнгө чейинки жеңилдетилген мезгил менен 200 000 сомго чейин кредиттик лимит. Кредит боюнча чечим банкка баруусуз, кезекке туруусуз жана ашыкча документтерсиз кабыл алынат.
- Карта менен сатып алуу үчүн 20%га чейин кешбэк. Кэшбэк сатып алуудан кийин дароо чегерилет жана 250 сомдон жогору сумманы топтогондо картага чыгарууга жеткиликтүү болот.
- Акысыз төлөмдөр жана которуулар: картага которуу, терминалдарда картаны толуктоо, мобилдик телефонду толуктоо, коммуналдык кызматка, мамкызматтарга жана айып пулдарды төлөө, QR-код боюнча төлөмдөр.
Мындан тышкары Simbank телефонду силкүү менен тез которуулар үчүн «Shake to Pay» жалпы эсепти достор менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле тиркемедеги кооз жана түшүнүктүү графиктер түрүндөгү чыгашаларга мониторинг сыяктуу уникалдуу функцияларды сунуштайт.
Simbank - бул ыңгайлуулукка жана айкындуулукка багытталган, Doscredobankтан мобилдик банкингдин жаңы этабы.
Тиркеме App Store жана Google Play платформаларында жүктөп алуу үчүн жеткиликтүү. «Дос-Кредобанк» ААКдан «Simbank» мобилдик банктык сервиси. КРУБ № 037 лиц. (www.dcb.kg, https://simbank.kg).
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.