Бул рейтинг BAKAI банктын Кыргызстандын каржы рыногундагы туруктуу позициясын, капиталдын жетиштүү деңгээлин жана жогорку ликвиддүүлүк көрсөткүчтөрүн чагылдырат.
S&Pнин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 31-августуна карата банктын активдери 107,3 млрд сомду (болжол менен 1,23 млрд АКШ долларын) түзгөн. Бул көрсөткүч BAKAIга өлкөдөгү банктардын ичинен төртүнчү орунду ээлөөгө мүмкүндүк берет. Банктын рыноктогу үлүшү насыялар боюнча 9,2%, ал эми депозиттер боюнча 11,4% деңгээлде.
BAKAI корпоративдик кардарларды, чакан жана орто ишканаларды, ошондой эле жеке жактарды активдүү тейлейт. Акыркы жылдары корпоративдик сегменттин өсүшү байкалууда - банк чакан жана орто ишканалар үчүн топтомдук чечимдерди, ал эми ири ишканалар үчүн жеке продуктуларды сунуштайт.
S&Pнин маалыматына караганда, 2022-жылдан кийин BAKAI банктын кирешелүүлүгү кыйла өскөн. Бул өсүш валюталык операцияларды кеңейтүү жана кардарлар базасын көбөйтүү эсебинен камсыздалган.
BAKAI комплаенс-процессин, ошондой эле Терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (ТКК) жана Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү (ККЛ) системаларын өнүктүрүүгө активдүү инвестициялоону улантууда. Бул банктын ишинде ачык-айкындуулукту камсыздоого жана эл аралык жөнгө салуу стандарттарын сактоого өбөлгө түзөт.
S&Pнин аналитиктеринин божомолунда, жакынкы 12-18 айдын ичинде BAKAI банк активдердин сапатын, капиталдын жетиштүүлүгүн жана ликвиддүүлүктүн деңгээлин туруктуу сактай алат.
«Туруктуу божомол BAKAI банктын активдеринин сапатын туруктуу сактап, тобокелдиктерди консервативдүү башкарууну уланта алаарына болгон биздин ишенимди чагылдырат. Мындан тышкары, банк Кыргызстандын банк секторундагы маанилүү оюнчулардын бири бойдон калат», - деп белгиленет S&P Global Ratingsтин отчетунда.
BAKAI - Кыргызстандын ири жеке банктарынын бири болуп саналат жана 25 жылдан ашык убакыттан бери ийгиликтүү иш алып барып келет.
Банк жеке жана юридикалык жактар үчүн комплекстүү каржылык чечимдерди сунуштайт. Алардын катарына насыя берүү, депозиттик продуктулар, аралыктан тейлөө кызматтары жана эл аралык акча которуулар кирет.
Banks.kg маалымат порталы кардарлар тарабынан жайгаштырылган жарнамалык материалдардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт. Жарнамалык макалалардагы маалыматтын тактыгы үчүн жоопкерчилик толугу менен жарнамачыларга жүктөлөт.
