Финкөзөмөл компаниялар кантип криптовалютаны эсепке алуу керектигин түшүндүрдү

Кыргызстанда виртуалдык (крипто) активдер менен операцияларды бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулукту даярдоо боюнча маалымат берилди.

Финкөзөмөл компаниялар кантип криптовалютаны эсепке алуу керектигин түшүндүрдү
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынан билдиришти. 

Ага ылайык, өлкөдө виртуалдык активдерди жүгүртүү жана ишмердүүлүктү жүргүзүү чөйрөсүндөгү негизги укуктук мамилелер төмөнкү ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат:

  • Кыргыз Республикасынын «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамы 2022-жылдын 21 январы №12.
  • Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши жана Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестрин жүргүзүү жөнүндө ЖОБО, КРнын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы №514 токтому менен бекитилген;
  • Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) иши жана Виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестрин жүргүзүү жөнүндө ЖОБО, КРнын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы №514 токтому менен бекитилген

Жеке жана юридикалык жактар виртуалдык активдерге ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө, анын ичинде аларды виртуалдык активдердин башка түрлөрүнө алмаштырууга, ошондой эле виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте виртуалдык активдерди сатып алууга же сатууга укуктуу.

Ошондой эле, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык майнинг жана башка иштерди жүргүзүүгө уруксат берилет. Ошону менен катар «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамына ылайык, виртуалдык активдер Кыргызстандын аймагында төлөм каражаты, валюта же баалуу кагаз болуп саналбайт.

Бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук

Юридикалык жактардын жарандык укук объектиси катары виртуалдык активдерге ээлик кылуусуна байланыштуу бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү жана финансылык отчеттуулукту түзүү жагынан эсепке алуу тартиби «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамынын 1-беренесине ылайык -субъекттин категориясына жараша болот. Бул ири, орто же чакан ишкердик болушу мүмкүн. 

Субъекттин категориясына жараша төмөнкүлөр колдонулат:

  • Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары (ФОЭС); 
  • Чакан жана орто ишкердик үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары (ЧОИ үчүн ФОЭС); 
  • КРнын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 26-августундагы №505 токтому менен бекитилген Чакан ишкердик субъекттери үчүн эрежелердин колдонулушу.

Эсепке алуу маселелери субъекттин эсепке алуу саясатынын алкагында жөнгө салынышы керек.

Виртуалдык активдерди алмашуу операторлорунун отчеттуулугу

Виртуалдык активдерди алмашуу операторлору жана виртуалдык активдер менен соода жүргүзүү операторлору сыяктуу жөнгө салынган ишмердүүлүктүн бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулукту түзүү бөлүгүндө, министрлер кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы №514 токтому менен бекитилген виртуалдык активдерди алмашуу операторунун иши жөнүндө жобонун 9-пунктуна жана 17-пунктуна көңүл буруу керек. Бул пункттар алмашуу операторлору жана соода операторлору үчүн финансылык отчеттуулукту түзүү үчүн ЭФСОну милдеттүү кылат. 

Ошентип, виртуалдык активдер менен операциялар боюнча бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук — крипто аянтчанын операторлору үчүн — юридикалык жактын эсеп саясатына ылайык жана зарыл болгон учурда ФОЭСке негизделиши керек.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.