Курс USD 87.30 / 87.80
Курс EUR 98.59 / 99.58
Курс RUB 1.042 / 1.082
Курс KZT 0.116 / 0.188
USD USD
87.30 / 87.80
EUR EUR
98.59 / 99.58
RUB RUB
1.042 / 1.082
KZT KZT
0.116 / 0.188

Мамлекеттик салык кызматы: Эми патенттин бардык түрү электрондук форматта бериле баштайт

Мамлекеттик салык кызматы патенттик салык салуу системасын колдонууда салыктын суммасын эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу Banks.kg редакциясына айтып берди.
Мамлекеттик салык кызматы: Эми патенттин бардык түрү электрондук форматта бериле баштайт

Бүгүнкү күндө патентти алуу процесси Э-патент системасынын ишке киргизилиши менен бир топ жеңилдеди, бул система Мамлекеттик салык кызматы тарабынан салык процедураларын санариптештирүү программасынын алкагында иштелип чыкты.

- Патенттик система боюнча салык суммасы кандайча аныкталат?

- Салыктын базалык суммасын эсептөө жана аныктоо, ошондой эле аны оңдоо күтүлбөгөн жагдайларды кошпогондо, хронометраждык изилдөөлөрдүн, ошондой эле салык органдарында болгон маалыматтардын негизинде аныкталган талдоонун натыйжалары боюнча жүргүзүлөт.

- Эсептөөдө жылдык киреше, ишмердүүлүктүн түрү же башка критерийлер эске алынабы?

- Патенттин негизинде салык базасынын негизги суммасын эсептөөдө кызматтарды сатуу боюнча кирешенин көлөмү, товарларды сатуу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык, ар бир ишмердүүлүктүн түрү жана ошондой эле сезондук мүнөздөгү ишмердүүлүктөр эске алынат.

- Патенттер боюнча салык базасын так аныктоо үчүн жаңы методикаларды киргизүү же бар механизмдерди кайра карап чыгуу пландалуудабы? 

- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык, патенттер боюнча салык базасы салык кызматтары тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана ыйгарым укуктуу салык органында каттоодон өткөн тармактык бизнес ассоциациясынын өкүлдөрү менен биргеликте текшерүүлөрдүн негизинде гана аныкталат.

- Патенти каттоодо кандай конкреттүү өзгөртүүлөрдү киргизүү  пландалууда?

- Салык кызматы салык ишин жакшыртуу Э-патент системасын ишке киргизди.

- Процессти санариптештирүү жана автоматташтыруу боюнча чаралар каралганбы, бул патенттерди берүү убактысына жана ачык-айкындуулугуна кандай таасир этет?

- Жаңы онлайн өз ара аракеттенүү инструменти салык төлөөчүлөргө салык кызматына барбастан өз милдеттенмелерин аткарууга жардам берүү максатында иштелип чыккан, бул салык кызматынын кызматкерлери менен түз байланышты азайтат жана коррупциялык укук бузуулардын алдын алууну камсыздайт.

Бүгүнкү күндө патентти аралыктан Салык кызматынын расмий сайты аркылуу же башка төлөм системалары аркылуу алууга болот. Салык төлөөчүгө салык кызматына кайрылуунун кереги жок, анткени алар патентти онлайн режиминде, күнү-түнү үйүнөн чыкпай эле сатып ала алышат.

Патенттин төлөмүн терминалдар, банкоматтар, автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалдары жана банктык төлөм карталарын кабыл алуу үчүн техникалык инфраструктураны түзгөн башка жабдыктар аркылуу төлөөгө болот. Бүгүнкү күндө 100% патенттер салык төлөөчүлөр тарабынан электрондук түрдө сатып алынууда.

Мамлекеттик салык кызматы патенттин негизинде салыктарды башкарууну жакшыртуу боюнча иштерин улантат.

Эскерте кетсек, буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов кичи жана орто бизнес үчүн патенттердин кайра киргизилиши тууралуу маалымдаган.

Анын айтымында, бул президенттин демилгеси жана азыр анын ишке ашырылышы үчүн буйрук даярдалууда.

Эмне өзгөрөт?

  • Патенттер кайтарылат, бирок төлөмдөр ишкерлердин кирешелери жана региондук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен кайра эсептелет;
  • Базарлар үчүн өзгөчө режим Кара-Суу базарында гана калат, бирок ал жерде бирдиктүү тарифтин ордуна патент киргизилет. “Дордой” базарына  өзгөчө режим жокко чыгарылды;
  • Буга чейин базарларда контейнерлерди жана турак-жай эмес жайларды ижарага берүү үчүн патенттер киргизилген. 

Эң негизгиси: патентти колдонууда кассалык аппаратты (ККМ) же электрондук эсеп-фактураны колдонуунун кажети жок. Патенттердин толук тизмеси кийинчерээк берилет.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.