Курс USD 87.24 / 87.72
Курс EUR 101.29 / 102.29
Курс RUB 1.088 / 1.116
Курс KZT 0.140 / 0.174
USD USD
87.24 / 87.72
EUR EUR
101.29 / 102.29
RUB RUB
1.088 / 1.116
KZT KZT
0.140 / 0.174

Салык кызматы базарларда соода кылгандар үчүн патенттик системасын киргизет

Соода тармагындагы салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөр, салык жүгүн азайтуу жана патенттик системага өтүү болуп саналат.
Салык кызматы базарларда соода кылгандар үчүн патенттик системасын киргизет

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. 

«Бул чечим ишкерлердин көптөгөн кайрылууларына жана базарларда иштөөнүн объективдүү кыйынчылыктарына байланыштуу кабыл алынды. Мисалы: туруктуу инфраструктуранын жоктугу, электр энергиясынын, интернетке жетүүнүн үзгүлтүккө учурашы жана контролдук-кассалык машиналарды (ККМ), электрондук эсеп-фактураларды (ЭЭФ) жана башка санариптик куралдарды колдонууда тоскоолдуктардын жаралышы», - деп билдирди Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков.

Патент системасы эмне берет:

  • субъекттер ЭЭФ жана ККМ боюнча отчет берүүдн бошотулат;
  • мурда соода үчүн 8 млн сомго чейинки чектөө болгон болсо, патент менен иштегендер үчүн мындай чектөө болбойт. 
  • патенттин ставкасы жылдык жүгүртүүгө жараша аныкталат;
  • жылдык жүгүртүүсү 4 млн сомго чейин: айына 1500 сом;
  • контейнер менен соода кылгандар үчүн жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомго чейин: айына 3500 сом.
  • көрсөтүлгөн чектерден ашкан учурда -  ставка жүгүртүүгө жараша көбөйөт.

Өзгөчө соода аймактары Дордой жана Кара-Суу базарларында: 

  • импортко тыюу салынат, экспортко уруксат берилет;
  • мындай өзгөчө зонада иштегендер да ЭЭФ жана ККМден бошотулат;
  • алар контрагенттерден салыктык чегерүүлөр боюнча чектөөлөргө туш болушат.

Жаңы чектөөлөр жана схемалардан коргоо:

  • өзгөчө аймакта иштегендерден же бирдиктүү салык боюнча 0,5% ставка менен иштеген субъекттерден товарларды сатып алса, анда ал салыктык чегерүү максатында мындай сатып алууларды эсепке ала албайт;
  • товар жалпы режимдеги субьекттерге караганда патенттеги, атайын режимдеги же өзгөчө зонадагы субъекттерге арзан баада сатылса, анда салык ошол товарды жалпы режимде иштегендерге саткандагы жогорку базар баасы менен салынып эсептелет (салык кодексинин 139-беренеси)

Салык ставкаларын төмөндөтүү:

Сатуудан алынуучу салык:

  • жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъекттерге 4%дан 2%га чейин төмөндөтүлдү;
  • накталай эсептешүүдө - 3%дан 2%га чейин төмөндөтүлдү, накталай эмес эсептешүүдө - 2%дан 1%га чейин төмөндөтулдү.

Бирдиктүү салык:

  • жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъекттерге ставка 6%дан 4%га чейин төмөндөтүлдү;
  • мурдагы 0,1% жана 1% ставкалар жокко чыгарылды;
  • 0,5% ставка боюнча баштапкы жүгүртүү 30 млн сомдон 50 млн сомго чейин көбөйтүлдү. 

Документтери жок товарлар үчүн айып санкциялар – жеңилдетилди:

  • ири субъекттерге товарды документи жок сатып алса дагы, ЭЭФге кирүүнү тариздөө аркылуу өз алдынча мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк берилди;
  • 4-2% ставкасындагы бирдиктүү салык режиминде иштегендерден тышкаркы (келген товарларды ЭЭФ системасында өздөрүнө тариздебеген болсо) документтери жок бардык субъекттерге санкциялар колдонулбайт.

Андан ары:

  • базарларга патент, бирдиктүү салык жана жалпы режимдин ортосунда тандоо берилет;
  • көпчүлүк базарлар патентке өтүүгө даяр экенин билдиришкен;
  • базардан тышкаркы кичи соода түйүндөрү (20 чарчы метрге чейинки контейнерлер) дагы патенттик системаны колдонсо болот.

Мамлекеттик салык кызматы, мындай жаңылануулар салык төлөөдөн качуу менен күрөшүүгө, ошол эле учурда кичи бизнес үчүн адилеттүү шарттарды камсыздоого багытталганын баса белгилейт.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.