Курс USD 87.35 / 87.80
Курс EUR 102.09 / 103.09
Курс RUB 1.101 / 1.126
Курс KZT 0.143 / 0.179
USD USD
87.35 / 87.80
EUR EUR
102.09 / 103.09
RUB RUB
1.101 / 1.126
KZT KZT
0.143 / 0.179

Банктардын салык органдарына маалымат берүүсү боюнча түшүндүрмө берилди

Социалдык тармактарда банктар маалыматтарды салык органдарына берип жатканы тууралуу билдирүүлөргө карата Мамлекеттик салык кызматы түшүндүрмө берди.
Банктардын салык органдарына маалымат берүүсү боюнча түшүндүрмө берилди

КРнын салык мыйзамдарында банктардын салык органдарына маалымат берүү милдети каралган. Мындай маалыматтарды алуу мыйзамда так белгиленген учурларда гана жана салык органдарынын ыйгарым укуктарынын алкагында жүргүзүлөт.

Мисалы, юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин эсептеринин бар экендиги жана ал эсептердеги операциялар боюнча маалыматтар салыктык текшерүү учурунда гана, жана салык мыйзамдарында каралган тартипте гана суралышы мүмкүн.

Ал эми физикалык тараптар, ишкердик менен алектенбеген жарандар боюнча эсептер жана алардагы операциялар тууралуу маалымат жөн гана учурда суралбайт. Мындай маалыматтар соттук актынын чечиминин негизинде гана алынат.

«Салык кодексинде ошондой эле, банктык эсептер боюнча маалымат берүү, электрондук акчаларды колдонуу, QR-төлөмдөр, POS-терминалдар, идентификацияланган электрондук капчыктар жана башка алыстан төлөө формаларын колдонуу менен жүргүзүлгөн эсептешүүлөр боюнча маалымат берүү талаптары да каралган», - деп билдирди Салык кызматы. 

Бул маалыматтар салыктык башкаруунун алкагында гана, салык милдеттенмелеринин толук жана өз убагында аткарылышын камсыз кылуу максатында колдонулат.

«Бул норма айрым салык төлөөчүлөрдүн кирешелерин жашыруу максатын аныктоо максатында киргизилген. Ошол эле учурда, салык кызматы жөнөкөй жарандардын жеке максаттарда жүргүзгөн операцияларын жана которууларын көзмөлдөбөйт, эгер алар ишкердик ишмердүүлүккө байланыштуу болбосо», - деп жазылат маалыматта. 

Салык кызматы, маалыматтарды алуу жана пайдалануу боюнча бардык процедуралар салык мыйзамдары менен так жөнгө салынарын жана мыйзамда каралган учурларда гана жүргүзүлөрүн эскертет. Алынган маалыматтар салык милдеттенмелеринин аткарылышын көзөмөлдөө максатында гана колдонуларын билдирет.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.