Салык кызматы турак-жай сатуудагы мыйзам бузуулар тууралуу кабарлоого чакырат

Мамлекеттик салык кызматы турак-жай курулуш тармагындагы системалуу көйгөйлөр тууралуу билдирди.

Салык кызматы турак-жай сатуудагы мыйзам бузуулар тууралуу кабарлоого чакырат

Маалыматка ылайык, акыркы убактарда курулуш компаниялары мыйзам бузуулар менен жеке жактарга батирлерди саткан учурлар көбөйүүдө. 

Салык кызматы көңүл бурган негизги мыйзам бузуулар: 

  • сатып алуучуларга турак жайга менчик укугун тастыктаган укук белгилөөчү документтер берилбейт (сатып алуу-сатуу келишими, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы, менчик укугу жөнүндө күбөлүк ж. б.);
  • турак-жайлар иш жүзүндө жашоого берилген, бирок расмий колдонууга берилген эмес;
  • батир сатуу боюнча келишимдер мыйзамда каралган тартипте катталбайт, 

Ведомство белгилегендей, бул жарандар үчүн тобокелдиктерди жана куруучулардын ишмердүүлүгүнө салык төлөөдө тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Натыйжада турак-жайды сатып алгандардын мыйзамдуу укуктарына коркунуч келтириши мүмкүн.

Жарандардын укуктарын коргоо максатында Салык кызматы батир ээлерине кайрылат:

Эгерде сиз батирде үч айдан ашык жашап жатсаңыз, бирок үй расмий колдонууга берилбесе жана турак-жайга менчик укугун тастыктаган документтерди ала элек болсоңуз, анда бул тууралуу Салык кызматына кабарлаңыз.

Бул үчүн WhatsApp мессенджери аркылуу төмөнкү номерге жазыңыз: +996 503 49-12-33:

  • эркин формадагы кыска билдирүү;
  • колуңузда бар документтердин скан-көчүрмөлөрү же сүрөттөрү (келишимдер, квитанциялар, кат алышуулар, кабыл алуу-тапшыруу актысы ж.б.)

Ар бир кайрылуу төмөнкү учурларда жардам берет:

  • курулуш тармагындагы мыйзамсыз иштерди аныктоого жана токтотууга;
  • батир ээлеринин укуктарын коргоого;
  • мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү камсыздоого жардам берет.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.