Курс USD 87.24 / 87.72
Курс EUR 101.23 / 102.23
Курс RUB 1.085 / 1.116
Курс KZT 0.140 / 0.174
USD USD
87.24 / 87.72
EUR EUR
101.23 / 102.23
RUB RUB
1.085 / 1.116
KZT KZT
0.140 / 0.174

Салык кызматы мессенджерлер аркылуу алдамчылык фактылары катталып жатканын билдирди

Мамлекеттик салык кызматы акыркы убактарда салык кызматкерлеринин атынан мессенджерлер аркылуу жалган маалыматтар тараган учурлар көбөйүп жатканын маалымдады.
Салык кызматы мессенджерлер аркылуу алдамчылык фактылары катталып жатканын билдирди

Мындай билдирүүлөрдүн биринде КР Салык кодексинин айрым беренелерине шилтеме берилип, салык төлөө, декларация тапшыруу талабы коюлган жана расмий эмес байланыштар аркылуу кайрылган учурлар катталууда. Бул сыяктуу билдирүүлөр жарандарды адаштырып, алдамчылар тарабынан жеке маалыматтарды алуу же мыйзамсыз төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

Салык кызматы расмий маалыматты төмөнкүдөй таратат:

  • Салыктык карызы тууралуу SMS-билдирүүлөр мобилдик операторлор аркылуу жөнөтүлөт. Жөнөтүүчүнүн расмий аты — GNS KR;
  • Расмий эскертүүлөр Салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу жөнөтүлөт. Жеке аккаунттар жана мессенджерлер аркылуу салык боюнча жеке консультациялар берилбейт;
  • Бардык ишенимдүү маалыматтар www.sti.gov.kg расмий сайтына жана Салык кызматынын социалдык тармактардагы расмий баракчаларына жайгаштырылат;
  • Алдамчылыкка шектенген учурларда укук коргоо органдарына кайрылууну сунуштайбыз.

Салык кызматы жарандардан этият болууну жана расмий эмес булактардан келген маалыматты кайра текшерип чыгууну өтүнөт.

 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.