Курс USD 87.24 / 87.72
Курс EUR 101.23 / 102.23
Курс RUB 1.085 / 1.116
Курс KZT 0.140 / 0.174
USD USD
87.24 / 87.72
EUR EUR
101.23 / 102.23
RUB RUB
1.085 / 1.116
KZT KZT
0.140 / 0.174

Кыргызстандыктардын электрондук капчыктарынан салыктар алынып башташы мүмкүн

«Кыргыз Республикасынын салык чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун алкагында Экономика жана коммерция министрлиги жеке адамдардын электрондук капчыктарынан салык карыздарын өндүрүү механизмин киргизүүнү сунуштоодо.
Кыргызстандыктардын электрондук капчыктарынан салыктар алынып башташы мүмкүн

Бул документ коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоорду демилгечилеринин маалыматына караганда, учурдагы салык мыйзамдары салыктар боюнча карыздарды банк эсептеринен өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок электрондук төлөм системаларынын (O!Money, Элсом, MegaPay, MBANK ж.б.) кеңири жайылышы айрым төлөөчүлөргө түшкөн кирешени салык органдарынын көзөмөлүнөн чыгарып кетүүгө шарт түздү. Мында төлөмдөр ишкерлердин өз атына эмес, жеке адамдардын атына кабыл алынат.

Мыйзам долбоору чечүүнү көздөгөн маселелер:

  • Кыргызстанда салыктар боюнча жалпы карыздын көлөмү 73 млрд сомдон ашат, анын жарымы - жеке адамдарга таандык.
  • Салык органдарында электрондук капчыктардан өндүрүү механизми жок, алар ишкердикте активдүү колдонулуп жатса да.
  • Айрым салык төлөөчүлөр фискалдык жүктөн качуу үчүн үчүнчү жактардын (туугандарынын, кызматкерлеринин) эсептерин атайылап колдонушат.

Мыйзам долбоору эмнени сунуштайт:

  • Салык кодексинде салык органдарынын электрондук капчыктардан карыз өндүрүү укугун түздөн-түз бекитүү;
  • Банктар менен төлөм системаларынын салыктык көзөмөл үчүн тиешелүү операциялар тууралуу маалымат берүү милдетин кеңейтүү;
  • Ишкердик ишинде жеке адамдарга катталган төлөм терминалдарын колдонууга тыюу салуу (эгер сөз ЖЧК же жеке ишкер тууралуу болуп жатса).

Эл аралык тажрыйба:

  • АКШ — IRS бардык эсеп түрлөрүндөгү каражаттарды бөгөттөөгө укуктуу;
  • Германия жана Франция — салык органдары e-wallet’терден карызды банк эсептериндей эле өндүрүшөт;
  • Австралия — электрондук капчыктар башка каржылык инструменттер сыяктуу эле мониторингге алынат.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.