Temu платформасы өз ишмердүүлүгүн Кыргызстанда расмий каттоого даяр
-large-webp.webp)
Аталган кызматтан билдиргендей, иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Мирлан Рахманов жана Кубанычбек Ысабеков, КР Башкы прокуратурасынын жана «Кыргыз почтасы» ААКнын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун негизги темасы платформанын каттоодон өтүүсү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү маселелери болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар электрондук коммерцияны укуктук жөнгө салуу маселелери боюнча пикир алмашып, онлайн чөйрөдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана салыктык милдеттемелерди аткаруу механизмдерин талкуулашты.
Temu платформасынын өкүлдөрү жергиликтүү мыйзамдардын талаптарын аткарууга кызыктар экендигин билдиришип, Кыргызстандын аймагында өз ишмердүүлүгүн каттоого даяр экендигин тастыкташты.
Жыйынтыгында катышуучулар эл аралык электрондук сооданын өнүгүшү, ишкердик демилгелер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында конструктивдүү кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, ачыктык жана диалогго даярдыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Эске салсак, буга чейин Салык кызматы Banks.kg редакциясына өлкөдөгү Temu маркетплейси салыктык каттоодон өтө электигин билдирген болчу.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.