Кыргызстандын туризм тармагынан жарым жылда 160 миллион сомдон ашык салык түштү
Туризм чакан жана орто бизнестин өнүгүүсүнө дем берип, жумушчу орундарды түзүп, аймактардагы ишкердик активдүүлүктү жогорулатууда. Өлкөнүн ар бир коногу жөн гана турист эмес, экономикалык өсүштүн катышуучусу.

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын январь-июнь айларында туризм тармагынан салыктык түшүүлөр 160,6 млн сомду түзгөндүгүн билдирет.
Акыркы беш жылда Кыргызстанда туризм тармагынан салыктык түшүүлөр 6 эседен ашык көбөйдү. Бул мезгил аралыгындагы жыйымдардын жалпы суммасы 1,1 млрд сомду түздү.
5 жыл аралыгында туризм секторунан түшкөн салыктык кирешелер төмөнкүдөй:
- 2020-жылы — 49,3 млн сом;
- 2021-жылы — 123,6 млн сом;
- 2022-жылы — 200 млн сом;
- 2023-жылы — 277,1 млн сом;
- 2024-жылы — 336 млн сом.
Сүрөт Banks.kg порталына таандык: Берметибиз Ысык-Көлдүн жолу
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.