Аудитордук компанияны тандап алуу «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «КР ДКАнын сырткы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» Жобого жана бекитилген техникалык тапшырмага ылайык жүргүзүлдү.
Тандоонун жыйынтыгы боюнча Агенттиктин 2026-жылдык финансылык отчеттуулугуна тышкы аудитти эл аралык деңгээлде таанылган «ЭйчЭлБи Марка Аудит» ЖЧК компаниясы жүргүзөт.

Бүгүн компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө келишимдин шарттары, тышкы аудитти өткөрүү планы, ошондой эле аудитордук тапшырманы аткаруунун алкагында өз ара аракеттенүүнүн кийинки этаптары талкууланды.
Көз карандысыз сырткы аудитти өткөрүү Агенттиктин финансылык отчеттуулуктун ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо тутумуна болгон ишенимдин жогорку деңгээлин сактоо боюнча ишмердүүлүгүнүн бир бөлүгү болуп саналат.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.