Казыналык системасынын функциялары «Кылым банкка» өткөрүлүп берилет

Бул кабар Кыргызстандын каржы системасынын трансформациясын билдирет. Казыналыктын функцияларын коммерциялык банкка өткөрүп берүү – бул максималдуу санариптештирүүгө карай кадам жана оор бюрократиялык процедураларды жоюу аракети болуп саналат.

Казыналык системасынын функциялары «Кылым банкка» өткөрүлүп берилет
Сүрөт: минкаб

Кечээ, КРнын президентинин Администрациясында минкабдын төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында президенттин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында ведомстволор аралык комиссиянын сегизинчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КРнын министрлер кабинети жана Финансы министрлигинен билдиришти. 

Жыйында санариптештирүүнү тездетүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча чаралар талкууланды.

Финансы министри Алмаз Бакетаев бюрократиядан арылтуу боюнча демилгелерди каржылык жактан камсыздоо жөнүндө баяндама жасап, санариптик долбоорлор үчүн бюджеттик муктаждыктарга баа берди. 

Өз сөзүндө министр талкууланган чаралардын бирин — Казыналыктын функцияларын толук өткөрүп берүү жана кадрларды «Кылым банк» мамлекеттик банкына өткөрүп берүү менен кайра уюштурууну белгиледи.

Банк багытын өзгөрттү. «Кылым Банкка» өзүнүн казыналык функцияларына көңүл бурууга мүмкүндүк берүү үчүн анын борбордук контрагенттик жана улуттук депозитарий функциялары анын милдеттеринен алынып салынды.

Эске салсак, өткөн жылдын январь айында КРнын министрлер кабинети 100% мамлекеттин катышуусу менен уставдык капиталы 1 млрд сомду түзгөн «Кылым Банк» ААКсын түзүү тууралуу токтом кабыл алган.

«Кылым Банк» ААКсын түзүүгө уруксат берүү чечими 2025-жылдын 10-сентябрында КРнын Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынган.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.