Курс USD 87.31 / 87.79
Курс EUR 98.73 / 99.73
Курс RUB 1.102 / 1.133
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.31 / 87.79
EUR EUR
98.73 / 99.73
RUB RUB
1.102 / 1.133
KZT KZT
0.117 / 0.187

BIFF-2025ке кошулуңуз! X Бишкек эл аралык каржы форумуна эки күн калды

30-майда Novotel Bishkek City Center борборунда BIFF-2025 юбилейлик көргөзмөсү өтөт. Ага жөнгө салуучу органдардын, эл аралык уюмдардын, мамлекеттик мекемелердин, коммерциялык банктардын, микрофинансылык уюмдардын, финтех-компанияларынын, төлөм уюмдарынын өкүлдөрү, эксперттер жана аналитиктер катышат.
BIFF-2025ке кошулуңуз! X Бишкек эл аралык каржы форумуна эки күн калды

BIFF-2025 иш-чарасын Кыргызстандын банктар союзу уюштурууда.

«Быйыл биз каржы рыногунун негизги катышуучуларын, финтех жана санариптик технологиялар боюнча эксперттерди чогултуп, «Инновациялар, санариптик трансформация жана туруктуу өнүгүү: финансылык экосистеманын келечеги» аталышындагы теманы талкуулайбыз», - деп билдирет Кыргызстандын банктар союзу. 

BIFF-2025тин башкы өнөктөшү Visa компаниясы болот. Ал эми стратегиялык өнөктөшү «Касперский Лабораториясы» болуп калды.

Форумдун өнөктөштөрүнүн арасында: «Freedom Broker Kyrgyzstan» эл аралык брокердик компаниясы, «Элдик Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК, «Бакай Банк» ААК, «Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк» ЖАК, «О!Банк» ААК бар.

Иш-чара Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) жана Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду (IFAD) тарабынан биргелешип уюштурулган.

BIFF-2025тин маалыматтык өнөктөштөрү «Banks.kg», каржы басылмасы «Economist.kg» жана каржы порталы «Акчабар» болушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчө окуя күтүлүүдө! Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуунун алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин банк ассоциацияларынын кеңешинин (CBATS) жыйыны өтөт. Бул аймактык каржы стратегияларын талкуулоо жана маанилүү бизнес байланыштарды түзүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.

Форумдагы спикерлердин арасында: 

  • Freedom Broker (Кыргызстан) директору Медетбек Назаралиев;
  • КРнын электрондук коммерциялык Ассоциацисынын директору Айбек Куренкеев;
  • DataScale компаниясынын сатуу боюнча директору Семён Попов; 
  •  Advisory, ITExperts башчысы Екатерина Костиневич;
  • Каржы рыногун жөнгө салуу эксперти Павел Шуст;
  • «Касперский лабораториясынын»  КМШ өлкөлөрүндө бизнести өнүктүрүү боюнча вице-президенти Анна Кулашова;
  • Борбор Азиядагы санариптик экономиканы жана санариптик укукту жөнгө салуу тармагындагы эксперт Эрмек Рустамбек уулу;
  • Орусиялык Kaspersky изилдөө борборунун директору Дмитрий Галов;
  • «Касперский Лабороториясынын» Борбор Азия жана Монголия боюнча башкаруучу директору Валерий Зубанов;
  • Freedom Pay (Кыргызстан) башкы директору Атай Соронкулов;
  • Visa компаниясынын Украина, КМШ жана Түштүк-Чыгыш Европадагы стратегиялык өнөктөштүк, финтех жана биргелешкен долбоорлор департаментинин улук директору, жетекчиси Евгений Лесняк;
  • Башка спикерлер.

Эске салсак, 2024-жылдын май айында BIFF-2024 Бишкекте «Финтех жана туруктуу өнүгүү: каржынын келечеги» аталышындагы темада өткөн. Форумдун өнөктөштөрү болуп «FIDO Biznes» IT компаниясы, «Бакай Банк» ААК, «РСК Банк» ААК, «ФИНКА Банк» ЖАКсы катышкан.

BIFF-2023 улуттук валюта – кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган. «Технология. Мүмкүнчүлүктөр. Туруктуу өнүгүү » аталышындагы темаларда өткөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Азербайжан, Грузия, Өзбекстан, Швейцария, Монголия, Пакистан жана АКШдан 320 делегат катышкан.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.