Салык кызматы эскерткендей, банк мыйзамдарга ылайык, ишкердик субъекттери ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө ишкердик эсептерди жана электрондук капчыктарды гана пайдаланууга милдеттүү.
Жеке жактардын жеке эсептери жана капчыктары жеке, коммерциялык эмес максаттарда гана колдонулат. Ишкердиктин алкагында товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жеке жактын жеке электрондук капчыгын же QR-кодун колдонуу мыйзамды бузуу болуп саналат.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 31-декабрына чейин МСК салык мыйзамдарынын бир катар талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча рейддик салыктык көзөмөлдү жана көзөмөл сатып алууну убактылуу токтотту. Бул талаптардын катарына банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды жана улуттук стандарттагы эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин QR-код колдонуу аркылуу операцияларды жүргүзүүгө арналган жабдууларды колдонуу маселелери да кирет. Бул талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө коммерциялык банктарга жүктөлгөн.
«Өзүңдүн кардарыңды бил» саясатынын алкагында банктар жеке эсептер жана капчыктар боюнча шектүү операцияларды аныктоого милдеттүү, алар ишкердик ишти жүргүзүүнү көрсөтүшү мүмкүн.
Мындай көзөмөлдүн натыйжалары боюнча банктар операцияларды чектөөнү жана эсептерди бөгөттөө чараларын колдонууга укуктуу. Ал эми Улуттук банк тийиштүү көзөмөл жүргүзүлбөгөн учурда коммерциялык банктарга таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. Cалык кызматы Улуттук банк жана коммерциялык банктар менен өз ара кызматташат.
Салык кызматынан белгилегендей, жеке жактардын QR-коддорун бизнесте колдонууга карата талаптардын күчөтүлүшү салык төлөөдөн качуу жана реалдуу кирешени жашыруу тобокелдиктери менен байланыштуу. Айрыкча текшерүүлөргө мораторий жайылтылбаган ири салык төлөөчүлөр арасында мындай учурлар аныкталган. Практикада айрым уюмдар төлөмдөрдү өз кызматкерлеринин эсептерине кабыл алган фактылар кездешкен. Мындай көрүнүштөр, айрыкча коомдук тамактануу тармагында, төлөмдөр уюмдун эсебине эмес, официанттардын же администраторлордун электрондук капчыктарына кабыл алынган учурларда катталган.
Жеке электрондук капчыкты ишкердик максатта пайдалангандыгы үчүн административдик жоопкерчилик каралган.
Алгачкы жолу аныкталганда протокол түзүлүп, эскертүү берилет. Эгер мыйзам бузуу улантылса, төмөнкүдөй айып пулдар салынат:
- жеке жактар үчүн — 5 000 сом,
- юридикалык жактар үчүн — 28 000 сом.
Кайрадан мыйзам бузулган учурда айып пулдардын өлчөмү жогорулайт, анда жеке жактар үчүн 13 000 сом, юридикалык жактар үчүн 65 000 сом.
Мамлекеттик салык кызматы жарандардын электрондук капчыктарына жана эсептерине түздөн-түз кире албайт. Мындай маалыматтар соттун чечиминин негизинде гана алынат. Мыйзам бузууларды аныктоо рейддик көзөмөл, көзөмөл сатып алуу, соода жайларын кароо сыяктуу көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө жүргүзүлөт. Эгер соода объектинде ишкерге же юридикалык жакка эмес, жеке жакка катталган QR-код жайгаштырылса, бул мыйзам бузуу белгиси катары каралат.
Базарларга, кичи базарларга жана чекене сооданын айрым багыттарына карата мораторий колдонулуп жаткандыктан, негизги басым түшүндүрүү иштерине жасалууда. Ал эми мораторийге кирбеген салык төлөөчүлөргө, анын ичинде ири салык төлөөчүлөргө жана КНС төлөөчүлөргө карата бюджеттик жоготуулардын жогору тобокелдиктерин эске алуу менен кеңири көзөмөл жүргүзүлөт.
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзам менен банк мыйзамдары бири-бирине каршы келбейт. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзам сатуучуну сатып алуучунун төлөө ыкмасын чектебөөгө милдеттендирет. Ал эми банк мыйзамдары накталай эмес төлөмдөрдү туура ишкердик эсепке кабыл алууну талап кылат. Демек, накталай эмес төлөм камсыздалышы керек, бирок ал сөзсүз түрдө ишкердик эсептер жана QR-коддор аркылуу жүргүзүлүшү зарыл.
Коммерциялык банктар тобокелдикке багытталган моделдерди колдонуу менен операцияларды аралыктан көзөмөлдөшөт. Эгер бир жеке капчыкка ар кандай адамдардан акча каражаттары үзгүлтүксүз жана системалуу түрдө түшүп турса, банк эсепти бөгөттөө менен кошо операциялардын мүнөзүн тактоо чараларын көрүшү мүмкүн.
Кайрымдуулук жана башка ишкердик эмес максаттар үчүн жеке жактардын эсептерине каражат чогултууга коммерциялык банкка алдын ала билдирүү берилген шартта жол берилет.
Ата-энелер комитеттеринин алкагындагы сыяктуу бир жолку же сейрек түшүүлөр, адатта, жогорку тобокелдик зонасына кирбейт. Бирок ар кандай адамдардан күн сайын системалуу түрдө түшкөн каражаттар банктар тарабынан тобокелдик фактору катары кабыл алынып, текшерүүгө алынат.
МСК белгилегендей, контролдук-кассалык машинаны колдонуу жана чек берүү ишкердик эсепке төлөмдү кабыл алуу милдетинен бошотпойт. Бизнес жүргүзүүдө жеке электрондук капчыкка товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн акча каражаттарын алуу ККМди колдонууга карабастан бузуу катары бааланат.
Коммерциялык банктар салык каттоосу бар болсо, ишкердик эсеп же бизнес капчыгын кыска мөөнөттө, анын ичинде мобилдик тиркемелер аркылуу аралыктан ачууга болорун белгилешет. Ошону менен бирге ишкерлердин бир бөлүгү физикалык которуулар боюнча комиссиялардын жоктугунан, эквайринг боюнча тарифтердеги айырмачылыктардан, ошондой эле ишкердик эсептер боюнча каражаттарды чегерүүдөгү убактылуу кечигүүлөрдөн улам жеке капчыктарды колдонууну улантууда. Жеке жана ишкердик эсептердин ортосундагы айырманы түшүнбөө да маанилүү ролду ойнойт.
КРнын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы токтому менен накталай эмес төлөм каражаттарын (POS-терминалдар жана/же QR-төлөмдөр) милдеттүү түрдө колдонуу талап кылынган ишмердүүлүк түрлөрүнүн тизмеси бекитилген. Бул тизмеге 18 ишмердүүлүк түрү, анын ичинде ири соода, дарыканалар, май куюучу жайлар, коомдук тамактануу объекттери жана башкалар кирет.
Cалык кызматы түшүндүрүү иштеринин маанилүүлүгүн эске алып, аны өз ыйгарым укугунун чегинде жүргүзүп келет. Банктык жөнгө салууга тиешелүү маселелер Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын ыйгарым укуктарына кирет. Ошол эле учурда Салык кызматы Улуттук банк, Банктар союзу жана коммерциялык банктар менен биргеликте, айрыкча мындай суроолор көп жаралган учурда, түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүугө даяр.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.