Курс USD 87.30 / 87.80
Курс EUR 91.09 / 92.08
Курс RUB 0.966 / 1.009
Курс KZT 0.118 / 0.191
USD USD
87.30 / 87.80
EUR EUR
91.09 / 92.08
RUB RUB
0.966 / 1.009
KZT KZT
0.118 / 0.191

Visa жана Азия футбол конфедерациясы өнөктөштүгүн кеңейтүүдө

Visa, санариптик төлөмдөр индустриясынын дүйнөлүк лидери жана Азия футбол конфедерациясы (АФК) өнөктөштүктү узартуу жана анын камтуусун жаңы аймактарга жана турнирлерге кеңейтүү жөнүндө жарыялашты.
Visa жана Азия футбол конфедерациясы өнөктөштүгүн кеңейтүүдө

Жаңы келишимдин алкагында Visa АФКнын негизги иш-чараларынын расмий чоң демөөрчүсү болуп калат, ал чаралар өз ичинде 2024/25 жана 2025/26 мезгилиндеги АФКнын Элиталык Чемпиондор Лигасын™, АФКнын Аялдар Чемпиондор Лигасын™ жана АФКнын Экинчи Чемпиондор Лигасын™ , ошондой эле АФКнын «26га карай жол» Азия квалификациялык турнирлерин камтыйт.

Visa жана АФК 2023-жылы Катарда өткөн Азия Кубогунда™ башталган ийгиликтүү өнөктөштүгүн улантып, анын аймактагы таасирин бекемдөөнү көздөйт. Visa Азия боюнча карта ээлери үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүктөр жана активдештирүүлөр аркылуу күйөрмандарды оюнга жакындатуу үчүн иштегенин улантат. Атайын активдүүлүктөргө булар кирет: 

  • Visa чучукулагы: Visa карталарынын бактылуу ээлери оюн алдындагы чучукулакка калыстар жана командалардын капитандары менен бирге катышат.
  • Финалдык ышкырык: Visa Prize жеңүүчүлөрү оюнду футбол талаасынын четинен акыркы он мүнөтүн көрүп, өзгөчө нерселерди көргөнгө мүмкүнчүлүк алышат.
  • Visa оюнчуларды балдар менен коштоо программасы: 100дөн ашуун бала АФКнын Элиталык Чемпиондор Лигасынын™ финалында өз кумирлерин талаага алып чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Датук Сери Виндзор Джон - АФКнын башкы катчысы - мындай деди: «АФКнын тарыхындагы эң ири Азия Кубогунун™ болуп көрбөгөндөй ийгилигинен кийин, биз Visa менен өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана компанияны негизги мелдештерибиздин расмий чоң демөөрчүсү катары тосуп алууга кубанычтабыз. Турнирлерибизге киргизилген стратегиялык реформалар командаларга жана күйөрмандарга узак мөөнөттүү таасирин тийгизип жатат. Андыктан биз Visaга Азия футболунун келечегине колдоо жана ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Тарек Абдалла - Visaнын Борбордук жана Чыгыш Европадагы, Жакынкы Чыгыштагы жана Африкадагы маркетинг боюнча улук вице-президенти - мындай деп ой бөлүштү: «Биз Азия футбол конфедерациясы менен кызматташууну кайра баштоого кубанычтабыз. Бул өнөктөштүк спорттун универсалдуу тили аркылуу адамдарды бириктирүүгө карата көрсөткөн туруктуу берилгендигибизди тастыктап турат жана бренддин позициясын гармониялуу чагылдырып, баарына бардык жерде дем-шык берет. Биз Visaда АФКнын Азия тандоо турнирлеринин™, ошондой эле 2026-жылдагы ФИФАнын Дүйнөлүк Чемпионатынын өзгөчө демөөрчүсү болгонубузга сыймыктанабыз.  Бул бизге күйөрмандар менен өз ара аракеттенүүгө мүмкүнчүлүк берет, алар өз улуттук командаларын тандоо матчтарынан тартып 2026-жылдын июль айында өтө турган Дүйнөлүк Чемпионаттын финалына чейин көзөмөлдөп турушат. Биз алдыдагы АФК турнирлеринде күйөрмандарга, жергиликтүү коомчулуктарга жана командаларга унутулгус сезимдерди тартуулоону чыдамсыздык менен күтөбүз.

Патрик Мерфи - AFGнын башкы директору -  мындай деди: «Visa - АФКнын мыкты өнөктөшү жана биз жаңы сезондо кызматташуубузду кеңейтүүгө кубанычтабыз. АФК менен биргеликте иштеп, Visa карта ээлерине оюнга мурдагыдан да жакын болууга мүмкүндүк берген өзгөчө программаны ишке киргизди.  Биз мындан аркы ийгиликтүү кызматташууга жана Азия боюнча спорт сүйүүчүлөрдүн дагы көбүрөөк катышуусуна үмүттөнөбүз.

Фото: Visa

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.