Бишкекте крипто которуу менен вебкам-студияларынын тармагы аныкталды

УКМК Биринчи май РИИБи менен биргеликте Бишкекте жана Казакстанда вебкам-студияларынын тармагын уюштурган адамдардын тобун кармады.

Бишкекте крипто которуу менен вебкам-студияларынын тармагы аныкталды
Иллюстрациялык сүрөттөр

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, алар Бишкектин ар кайсы райондорунан батирлерди ижарага алып жашагандыгы аныкталган. Алардын аталган ишмердүүлүктөн тапкан кирешелери криптобиржалардын биринин капчыктарына которулган.

Кармалгандардын турак жай даректеринде тинтүү иштери  жүргүзүлүп, вебкамералар, жарык берүүчү жана компьютердик жабдуулар ошондой эле башка техникалык жабдуулар табылып, алынган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.