Салыктар каякка кетип жатат? Буга жаңы интерактивдүү кызмат жообун берет

Ведомстводон билдиргендей, сервисти колдонуу үчүн my.salyk.kg сайтына кирип, аты-жөнүн жана төлөгөн салыктын суммасын киргизүү керек. Система автоматтык түрдө ошол суммага кайсы социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор каржыланышы мүмкүн экенин көрсөтөт.
Платформа ачык, жөнөкөй жана ыңгайлуу интерфейсте интерактивдүү оюн форматында иштелип чыккан жана көп колдонуучулар үчүн жеткиликтүү. Сервис салык төлөмүнүн суммасына негизделген шарттуу эсептөөнү жүргүзүп, мамлекет ал акчаларды кайсы багыттарга жумшайт — мектеп же бала бакча курууга, тез жардам унааларын сатып алууга, социалдык категориядагы жарандардын төлөмдөрүн камсыздоого жана башка көптөгөн нерселерди билүүгө мүмкүндүк берет.
Салык кызматы жарандарды алынган жыйынтыкты сактап, социалдык тармактарда жана мессенджерлер аркылуу бөлүшүүгө чакырат. Кызматтын максаты — салык маданиятын жогорулатуу, салык системасына болгон ишенимди бекемдөө жана ар бир жаранга өлкөнү өнүктүрүүдө өз салымын түшүнүүгө жардам берүү болуп эсептелет.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.