Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашты.
КРнын Улуттук банкы финансы рыногун жөнгө салуучу орган болуп саналат жана бардык алмашуу бюролорунун ишин көзөмөлдөйт. 2025-жылдын 4-ноябрына карата Кыргызстанда 820 алмашуу бюросу иштеп жатат. Алмашуу бюросунун ишине көзөмөл аралыктан көзөмөлдөөнү жана көчмө текшерүүнү камтыйт.
Алмашуу бюролору күн сайын портал аркылуу валюта курстары жана сатылып алынган жана сатылган валютанын көлөмү боюнча онлайн режиминде маалыматтарды беришет.
Улуттук банк КРнын ИИМ жана КРнын МСК менен биргеликте жер-жерлерде лицензиясы жок иш аракеттерди аныктоо үчүн текшерүүлөрдү жүргүзөт.
Улуттук банк тарабынан 2025-жылы алмашуу бюролору үчүн кандай чаралар көрүлдү?
Текшерүүңун жыйынтыгында:
- 460 буйрук жөнөтүлдү;
- 111 алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулду;
- 12синин лицензиясы кайтарып алынган;
- 112 алмашуу бюросуна айып пул салынып, жалпы суммасы 6,16 млн сомду түзгөн;
- лицензиясы жок валюта алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн 152 жеке адамдарга айып пул салынып, жалпы суммасы 2,66 млн сомду түзгөн.
Валюталарды алмаштырууда талаш маселе келип чыкса, кайда кайрылу зарыл?
Алмашуу бюролорунун мыйзамга каршы иш-аракеттерди жүргүзүлгөндүгү аныкталса, жарандар КРнын Улуттук банкына кайрыла алышат.
Же төмөнкү байланышуу жолдору аркылуу кабарласа болот:
- Байланыш телефону: +996 312 31 30 08;
- электрондук адреси: [email protected].

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.