Эркин болуу: Эмне үчүн Кыргызстан ийкемдүү валюта курсун тандаган?

Бир калыпта турбаган алмашуу курсу деген эмне?
1993-жылдан бери, кыргыз сому жүгүртүүгө киргизилген учурдан тарта, Кыргызстанда валютаны алмаштыруу системасы негизинен эч кандай чектөөлөрсүз жүргүзүлүп келет. Ошол кезде республикада бир калыпта турбаган эркин алмашуу курсуна өтүү чечими кабыл алынган. Бул эмнени билдирет?
Бул деген, чет өлкөлүк валютанын кыргыз сомуна карата курсу базар эрежелерине жараша, башкача айтканда, чет элдик валютага болгон суроо-талап менен сунуштун негизинде аныкталат дегенди түшүндүрөт.
Кыргыз сомуна карата валюта курсу өкмөт же Улуттук банк тарабынан белгиленбейт жана туруктуу эмес. Улуттук банк ички валюта рыногунда катуу жөнгө салуучу болбойт, курс качан, канчага чейин өзгөрүшү керек экенин аныктабайт жана сомдун курсунун динамикасына таасир этүү үчүн маал-маалы менен гана интервенция кылат.
Улуттук банк чет элдик валютага болгон суроо-талап менен сунуштун ортосунда чоң айырма пайда болгон учурда гана, зарылчылыкка жараша интервенция жүргүзөт. Бул сомдун курсундагы кескин термелүүлөрдүн алдын алуу максатында жасалат.
Биз күн сайын валюта базарында суроо-талап менен сунуштун өзгөрүп турганын байкайбыз. Ушул себептен АКШ долларынын расмий курсу күн сайын ар башка болот. Бир калыпта турбаган валюта курсунун шартында мындай өзгөрүүлөр табигый көрүнүш болуп эсептелет жана Улуттук банктын дайыма кийлигишүүсүн талап кылбайт.
Бир калыпта турбаган алмашуу курсунун кандай артыкчылыктары бар?
Валюта курсу боюнча кайсы режим болбосун, анын оң жана терс жактары болот. Бир калыпта турбаган алмашуу курсунун артыкчылыктарын аныктоо үчүн аны башка режимдер менен салыштыруу керек.
Бир калыпта турбаган режимдин эң негизги артыкчылыгы экономика сырткы факторлорго тез ыңгайлашып, алардын таасирин жумшарта алат.
Базар эрежелерине ылайык, кандайдыр бир товарга суроо-талап сунуштан ашып кетсе, анын баасы өсөт. Ал эми сунуш көп болуп, суроо аз болсо — баа төмөндөйт. Ушул эле принцип валюта базарында да колдонулат.
Бир калыпта турбаган режимде валюта курсу базардагы катышуучулар тарабынан башкача айтканда, суроо-талап жана сунуш аркылуу түзүлөт. Мындай режим экономиканы тышкы соккулардан коргоп, чет элдик факторлорго ыңгайлашуусун жеңилдетет.
Эгер улуттук валюта бекемделсе, инфляция басаңдайт. Ал эми алсызданган учурда жергиликтүү өндүрүшчүлөр колдоого ээ болуп, экспорт көбөйүп, импорттун ордун жергиликтүү товарлар баса баштайт.
Бир калыпта турбаган режим менен туруктуу режимдин айырмасы эмнеде?
Туруктуу валюта курсунда өлкөнүн акча-кредит саясаты дүйнөдөгү геосаясий жана экономикалык кырдаалга көз каранды болот. Бул режимде борбордук банк валюта курсун белгиленген деңгээлде кармап туруу үчүн улуттук валютаны белгилүү бир чет элдик валютага бекитип коёт. Мындай шартта борбордук банк каалаган көлөмдө улуттук валютаны чет элдик валютага алмаштырып берүүгө милдеттүү болот. Бул болсо валюталык спекуляцияга шарт түзүп, эл аралык резервдердин тез түгөнүү коркунучун жаратат. Көп учурда мындай режимде капиталдын эркин кыймылына чектөө коюлуп, валюталык көзөмөл киргизилет.
Валюталык интервенциялар банк секторундагы ликвиддүүлүккө да таасир этет. Ошондуктан, борбордук банк мындай операциялар акча рыногунда чыңалуу жаратпашы үчүн кошумча аракеттерди көрүүгө мажбур болот. Бул өз кезегинде каржы рыногунда туруксуздукка алып келиши мүмкүн. Демек, туруктуу режимде тышкы соккулардын таасири жумшартылбайт.
Аймактагы өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, ачык базар жана эл аралык соода шартында чакан, ачык экономикалар үчүн эң ылайыктуу бир калыпта турбаган валюта режими. Мисалы, 2014–2015-жылдары Орусия менен Казакстан да ушул режимге өтүп, анын натыйжалуулугун ырасташкан.
Доллардын курсун алдын ала божомолдоп айтууга болобу?
Эгер валюта курсу суроо-талап жана сунуш аркылуу аныкталса, анда ал өзгөрмө болот. Мындай шартта курс тууралуу божомолдор коомчулукта ар дайым кызыгууну жаратат. Финансы институттары курстун мүмкүн болгон сценарийлерин карап чыгышы мүмкүн, бирок дүйнөдөгү бир дагы борбордук банк, анын ичинде Кыргызстандын Улуттук банкы да, так курс божомолун жарыялабайт.
Улуттук банк бир калыпта турбаган алмашуу режимине ынанымдуу бойдон калууда. Бул саясат дүйнөлүк рыноктордогу жана ички макроэкономикалык өзгөрүүлөргө ийкемдүү ыңгайлашууга мүмкүндүк берүүдө. Кыргыз сому 30 жылдан ашуун убакыт ичинде ар кандай тышкы соккуларга салыштырмалуу туруктуулугун көрсөтө алды.
Иллюстрациялык сүрөт
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.