Кыргызстанда Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) FINCA банкы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Бизнестеги айымдар» насаатчылык программасынын бешинчи, мааракелик сезонуна арыздарды кабыл алуу башталды. Программа кыз-келиндердин ишкердигин колдоого жана экономикадагы лидер-аялдардын ролун күчөтүүгө багытталат.
Бешинчи сезон эксклюзивдүү болот. Ага - FINCA банктын бенефициарлары – бизнести билген же аны башкарган жана банк менен кредиттик линия боюнча кызматташкан кыз-келиндер катышат. Ошондой эле программага чакан жана орто бизнести жүргүзүү боюнча кеминде эки жылдык тажрыйбасы бар ишкер айымдар катыша алат. Жети ай бою алар насаатчылар менен чогуу иштеп, компанияларын өнүктүрүп жана бекемдешет.
Насаатчы катары өз билимдери жана тажрыйбаларын шакирттерге бекер бөлүшүүгө жана программанын бардык этаптарында аларга колдоо көрсөтүүгө даяр болгон тажрыйбалуу ишкерлер чыгышат. Насаатчы жана шакирт үчүн арыздарды кабыл алуу башталды. Анкеталарды 2026-жылдын 2-мартына чейин толтурууга болот.

Демилгенин алкагында онлайн жана оффлайн тренингдер, кросс-насаатчылык сессиялар, эртең мененки бизнес тамактануу, ири өндүрүштүк ишканаларга экскурсиялар жана мониторингдик сапарлар болуп өтөт. Программа бизнес жана каржылык башкаруу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана пайдалуу ишкердик байланышты түзүүгө жардам берет.
Насаатчылык программа Кыргызстанда 2019-жылдан бери, финансылык кызматтын алкагында, ЕРӨБдүн «Бизнестеги айымдар» кредиттик линиясы боюнча, ишкер аялдар үчүн Финансылык демилгенин (We-Fi) жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ЕРӨБдүн чакан бизнеске таасир этүүчү Фонду (Ирландия, Италия, Япония, Люксембург, Норвегия, Түштүк Корея, Швеция, Швейцария, Тайвань ЕРӨБдүн Бизнес-фонд техникалык кызматташтыгы, Бириккен Королдук жана АКШ) аркылуу ишке ашырылууда.
Бул иш башталгандан бери катышуучулар 320 ашуун жаңы жумуш орундарын түзүштү. Өткөн сезондо ишкер айымдардын 60% жаңы рынокторго чыгышты, 66% кирешесин көбөйттү, 86% бренддин таанымалдыгын жогорулатып, баары жеке өсүштөрүн белгилешти.
Эске салсак, 2025-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын «Бизнестеги айымдар» насаатчылык программасынын IV этабынын жыйынтыгы чыккан. Жети айдын ичинде программанын катышуучулары насаатчылар менен бирге өндүрүмдүн сапатын жакшыртуу жана сатууну көбөйтүү боюнча иштешти, ошондой эле өндүрүштү кеңейтүүнү үйрөнүшүп, жумуш орундарын түзүштү. Мезгил ичинде 90дон ашык жаңы жумуш орундары түзүлдү.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.