Курс USD 87.31 / 87.80
Курс EUR 97.47 / 98.47
Курс RUB 1.073 / 1.107
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.31 / 87.80
EUR EUR
97.47 / 98.47
RUB RUB
1.073 / 1.107
KZT KZT
0.117 / 0.187

«Ылдам» Ысык-Көл облусунда: банктар кызматташууга даяр!

Ысык-Көл облусунда «Кепилдик фонд» ААКсынын кызматкерлери өнөктөш банктардын кредиттик адистери үчүн бир катар окуу семинарларын өткөрүштү. Жолугушуулардын негизги темасы «Ылдам» жаңы кепилдик продуктусу, анын артыкчылыктары жана аны берүү тартиби.
«Ылдам» Ысык-Көл облусунда: банктар кызматташууга даяр!

Тренингдер Бөкөнбаев, Түп, Кызыл-Суу айылдарын, ошондой эле Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларында болду.

«Элдик Банк» ААКсы, «Бай Түшүм Банк» ААКсы, «МБанк» ААКсы, «Бакай Банк» ААКсы жана «Азия Банкы» ЖАКсы банктарында 21 семинар өткөрүлдү. Тренингдерге Ысык-Көл облусундагы банктардан жалпы 107 кредиттик адистер катышты.

Тренерлер «Кепилдик фонд» ААКсынын Кепилдик жана продукцияны өнүктүрүү башкармалыгынын кичи жана орто ишкердик бөлүмүнүн начальниги Азамат Кусанов жана филиалдары менен иштөө ишкердик бөлүмүнүн начальниги Камчыбек Аалиев болушту.

Семинарлардын жүрүшүндө катышуучулар кепилдиктерди берүү механизмин, документтерди даярдоо тартибин жана «Ылдам» портфелдик продуктунун артыкчылыктарын кеңири карап чыгышты. Банктын адистери жигердүү суроолорду берип, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Семинарлардын жыйынтыгында банк кызматкерлери «Кепилдик фонд» ААКсы менен кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Эске салсак, Кепилдик фонд «Ылдам» продуктусун ушул жылдын февраль айында ишке киргизген. Ал портфелдик негизде иштейт, ишкерлер үчүн насыя алуу процессин тездетет, «Кепилдик фонд» ААКсы тарабынан арызга кошумча талдоо жүргүзүүнү жокко чыгарат.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.