Бизнестин жабылуусунун беш себеби: Ишкерлер кантип ката кетирбөөсү керек?

Көпчүлүгү жумушун баштабай жатып, жабууга аргасыз болушат. Кыйроону болтурбоо үчүн, ишкерлер бардык «тузактарды» билиши керек. FINCA Bank бизнести жабууга алып келген беш орчундуу катаны аныктады.

Бизнестин жабылуусунун беш себеби: Ишкерлер кантип ката кетирбөөсү керек?
Иллюстрациялык сүрөт

FINCA Bank бизнесте кеңири таралган беш ката менен бөлүштү. Биз аларды кантип алдын алып, туруктуу өсүүнү камсыз кылуу тууралуу кеп кылабыз.

Каржылык коопсуздуктун жоктугу 

Резервсиз сатуу деңгээлинин төмөндөшүнө же күтүлбөгөн чыгашаларга туруштук берүү өтө кыйын.

Атандаштарды этибарга албоо

Кардарларды жоготпоо үчүн рынокту көзөмөлдөп, атаандаштардын ишмердүүлүгүн изилдеп, өзүңүздүн артыкчылыктарыңызды табуу керек. 

Чыгашаларды начар контролдоо

Кичинекей чыгагалар байкатпай пайданы «жеп коюшу мүмкүн». Учет кармап ар бир чыгымды көзөмөлдөө зарыл. 

Стратегиянын жоктугу

Узак мөөнөттүү план болбосо, иш жүрбөйт. Так стратегия максаттарга жетүүгө жана бизнести өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. 

Жалгыз киреше булагына таянуу

Эгер сатуу деңгээли бир эле кардарга же каналга көз каранды болсо, бизнес алсыз болуп саналат. Кирешени диверсификациялоо абзел. 

«Жабыла турган эмес, өсө турган бизнестерди куралы. Каталардын алдын алуу мүмкүн: ачык-айкын отчеттуулук, бюджетти көзөмөлдөө жана рыноктун өзгөрүшүнө туура жооп кайтаруу зарыл», - деп билдиришти аталган банктан.