Курс USD 87.11 / 87.60
Курс EUR 101.51 / 102.49
Курс RUB 1.106 / 1.131
Курс KZT 0.141 / 0.182
USD USD
87.11 / 87.60
EUR EUR
101.51 / 102.49
RUB RUB
1.106 / 1.131
KZT KZT
0.141 / 0.182

XXI кылымдын хоббиси: Банк карталарын коллекциялоо

Банк карталарын чогултуу – бул абдан кызыктуу жана пайдалуу хобби. Коллекцияга иштеп жаткан карталар, жарнамалык, көрсөтмөлүк же эскерүү иретиндеги карталар да кириши мүмкүн. Мындай коллекцияны Кыргызстанда дагы түзө баштоого болот, анткени биздин банктар абдан кооз карталарды чыгарышат!
XXI кылымдын хоббиси: Банк карталарын коллекциялоо

Кыргызстандын банктарынан «Элкарт» улуттук төлөм системасынын кооз карталарын, ошондой эле эл аралык Visa, Mastercard, UnionPay карталарын алууга болот. Ар бир банк өзүнүн уникалдуу дизайны жана өзгөчөлүктөрү менен карталарды чыгарат. Ошондуктан, банк карталарын чогултуу XXI кылымда Кыргызстанда дагы кызыктуу жана өзгөчө хобби болуп калышы мүмкүн.

Эске салсак, буга чейин Banks.kg порталы банк карталарынын эволюциясы тууралуу материал жарыялаган: анда кагаз прототиптерден тарта санарип капчыктарга чейин баяндалган. Бүгүнкү күндө кээ бир адамдар унаа моделдерин, таттуулардын сырттарын, кино билеттерин, бөтөлкөнүн капкактарын, же учактагы шекер таңгактарын чогултушат. Бирок активдүү же жараксыз банк карталарын коллекциялоо жогоруда айтылгандардан да кызыктуу болушу мүмкүн.

Эмне үчүн банк карталарын чогултуу кызыктуу?

Биринчиден, карталар ар кандай төлөм системаларынан болушу мүмкүн – анын ичинде анча белгилүү эмес системалардан да. Ооба, Кыргызстанда төрт гана негизги төлөм системасы бар, бирок дүйнөдө башка өлкөлөрдүн улуттук жана эл аралык системалары да бар, алар коллекционерлер үчүн өзгөчө кызыгууну жаратат. Карталар дебеттик, кредиттик, алдын ала чыгарылган, классикалык, премиум, бизнес үчүн, социалдык төлөмдөр үчүн, бир же көп валюталуу болот.

Экинчиден, банк карталары өлкөлөрдүн банк системасынын өнүгүшүн чагылдырат. Алгач катрталар магниттик тилке менен чыккан, кийин чиптик, андан кийин учурдагы карталар пайда болгон. Мындан тышкары, техникалык өзгөчөлүктөрдү да байкоого болот – мисалы, атын кантип жазышкан, голограммалар барбы жана башка ушул сыяктуу. 

Үчүнчүдөн, Кыргызстандагы банктар өзгөчө дизайн менен карталарды чыгарышат. Бул чектелген сериялар, юбилейдик карталар же таптакыр уникалдуу дизайндагы карталар болушу мүмкүн. Автордук укуктарга көңүл буруу керек: кардар каалаган сүрөттү картага жайгаштыра албайт – банк мыйзамдык чектөөлөрдү жана автордук укуктарды сакташы керек. Уникалдуу карталарды төмөнкү банктардан жасатууга болот:

Өзүн баалаган ар бир коллекционер бир нерсени чогултууда жөн гана убактылуу ырахат алуу үчүн эмес, анын тарыхый жана эстетикалык баалуулугун түшүнүп, процесске толук аралашып, кызыгуу менен мамиле кылат. СССР учурунда популярдуу болгон маркаларды чогултуу сыяктуу эле, коллекциялык тыйындар жана банк карталары дагы тарыхый эстелик катары мааниге ээ.

Пайдалуу коллекция

Карта чогултуу пайдалуу да болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө көпчүлүк кыргызстандыктардын колунда үч же андан көп банк картасы бар. Бул аларга банктардын сунуштаган бонустарын (кэшбэк, пайыз чегерүү, комиссиясыз төлөм ж.б.) пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, кээ бир банктар техникалык иштерди жүргүзүп жатканда, «резервдик» карта колдонуучуну кыйынчылыктан куткарат.

Эске салсак, КРнын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, 2025-жылдын I кварталында өлкөдө жүгүртүүдөгү банктын карталарынын саны 9,8 миллионго жеткен. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, (2025-жылдын 1-январына карата) калктын саны 7,28 миллион адам болгон. Бул ар бир адамда жок дегенде бир карта бар дегенди билдирет.

Банк карталарын чогултуунун тобокелчиликтери

Бул хобби кызыктуу болгону менен, этияттыкты талап кылат. Анткени айрым карталар иштеп жаткан же мурда колдонулган болушу мүмкүн. Кээ бир карталарда адамдардын аты-жөнү жазылган, бул жеке маалыматтын тарап кетишине алып келиши мүмкүн. Өздүк маалыматтары бар коллекциялар кибералдамчылар  тарабынан жасалма инсанды түзүү үчүн колдонулушу мүмкүн. Жада калса жарактуулук мөөнөтү бүткөн карталар да алдамчылык схемаларда колдонулушу толук мүмкүн.

Эгер сиз банктын карталарын коллекциялоону чечсеңиз, биз аларды ачык интернетте жарыялабооңузду сунуштайбыз. Коллекцияны жеке архивде сактап, ишенимдүү чөйрөдө гана бөлүшкөнүңүз коопсуз болот.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.