Курс USD 88.63 / 89.46
Курс EUR 94.69 / 95.69
Курс RUB 0.945 / 0.972
Курс KZT 0.139 / 0.207
USD USD
88.63 / 89.46
EUR EUR
94.69 / 95.69
RUB RUB
0.945 / 0.972
KZT KZT
0.139 / 0.207

Кыргызстанда кредиттик тарыхты кантип текшерсе болот?

Кыргызстандагы кредиттик тарыхыңызды текшерүү, ошондой эле анын оң же жакшы эмес экендигин билүү үчүн «Ишеним» кредиттик бюросун же «Сэйф энд Саунд» бюросунун кызматтарын колдонсоңуз болот.
Кыргызстанда кредиттик тарыхты кантип текшерсе болот?

Белгилей кетсек, сиз жыл сайын өзүңүздүн биринчи кредиттик тарыхыңызды отчет менен бирге бекер ала аласыз. Бирок, дагы кайталап сурай турган болсоңуз, 200 сом төлөйсүз.

Кредиттик отчетту алуу үчүн «Ишеним» кредиттик бюросунун кеңсесине жеке/жеке ишкер же ага берилген нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын (текшерилген) негизинде иш алып барган анын ыйгарым укуктуу өкүлү документтердин тизмесин берүүгө жана арызын толтурууга милдеттүү. Отчетту даярдоо 1-3 жумушчу күнгө чейин созулат.

Жөнөкөй адамдар жана жеке ишкерлер үчүн кредиттик отчетту алуу үчүн зарыл болгон документтер:

Жеке кайрылган учурда:

  1. Кредиттик отчетту кредиттик тарых менен алуу үчүн арыз;
  2. Кыргыз Республикасынын ички паспортунун түп нускасы же санариптик версиясы (ID-card).

Ишенимдүү адамы кайрылган учурда:

  1. Кредиттик отчетту алуу үчүн арыз;
  2. Кредиттик отчетту алууга нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат;
  3. Ишенимдүү өкүлдүн Кыргыз Республикасынын ички паспортунун түп нускасы же санариптик версиясы (ID-card);
  4. Кыргыз Республикасынын ички паспортунун (ID-card) көчүрмөсү.

Эгерде жөнөкөй/жеке ишкер/ишенимдүү адам чет өлкөлүк жаран болсо, анда анын паспорту мамлекеттик же расмий тилде которулуп, котормосу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү керек.

Кредиттик отчет жеке адамга/жеке ишкерге өздүгүн тастыктаган документтин түп нускасын көрсөткөндө гана берилет.

Белгилей кетсек, кредиттик тарых адам банктан же финансы-кредиттик уюмдан насыя алган учурдан тарта башталат. Акырында насыя алуучулардын кредиттик төлөмдөрү боюнча маалыматтары чогултулуп, сакталат. Кредиттик тарыхтын оң мүнөздөгүсү базада 7 жыл, кредиттик тарыхтын начар мүнөздөгүсү 5 жыл сакталат.

Муну менен катар кредиттик тарых оң мүнөздө калуусу жана банк, ФКУлар үчүн артыкчылыктуу болушу үчүн насыяны төлөө боюнча маалыматтарды жакшыртуу кеңештерин колдонсоңуз болот. 
Ошондой эле, белгилей кетүүчү жагдай ЕАЭБ алкагында кредиттик тарыхтын маалыматтарын алмашуу боюнча келишимге кол коюлган, анын негизги максаты аталган биримдиктин жарандары менен коммерциялык компанияларынын кредиттик продуктыларга жетүүсүн жеңилдетүү болуп саналат. Мындан тышкары ЕАЭБ коммерциялык банктарды насыя алуучулардын кредиттик тобокелдигин адилет баалоо үчүн жеткиликтүү жана объективдүү инструменттер менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Кредиттик отчетту жеке адам, жеке ишкерлер «Ишеним» кредиттик бюросунун Бишкек шаарынын Ахунбаев көчөсү 127/1 (Малдыбаев көчөсү менен кесилишет) дарегинен ала алышат.

Сурап билүү үчүн телефон: (0-312) 98 65 65.

Кредиттик тарыхты онлайн текшерүү:

Кредиттик тарыхты онлайн түрдө төмөндөгү мобилдик тиркемелерден текшерсе болот: ААК «Халык Банк Кыргызстан», ААК «Бакай Банк», ЖАК «Банк Компаньон», ААК «Коммерческий банк Кыргызстан» | MBANK. 

#globalmoneyweek2024 

669
2024-03-19T09:52:50+06:00