Бумерлерден зумерлерге чейин: Ар кайсы муундун өкүлдөрү акчаны кантип башкарат?

Banks.kg порталы жана «Азия Банкы» беш муун тууралуу материал даярдады, алардын ар бири курчап турган дүйнөнү активдүү түрдө калыптандырышкан.
Бумерлер (1946-1964-жылдар)
Бул согуштан кийинки акырындап өсүү жана салыштырмалуу экономикалык туруктуулуктун мезгили болгон. Бумерлер өз үйлөрүнө ээ болуу каалоосу менен мүнөздөлгөн. Ошондой эле мамлекеттик пенсия чоң мааниге ээ болгон.
Бумерлердин көпчүлүгү банк карталарын өздөштүрүшкөнүнө карабастан, накталай акчаны көбүрөөк колдонушат. Алар онлайн кызматтарга көп ишене беришпейт жана чыгымдарын алдын ала пландаштырышат.
Бумерлердин урааны: «Мүмкүнчүлүгүңө жараша жаша».
Х мууну (1965-1980-жылдар)
Алар көз карандысыздыгы менен өзгөчөлөнүшөт. Алар көбүнчө экономикалык соккуларга, кризистерге жана жумуштан бошотууларга дуушар болушкан, бул аларды финансылык маселелерде эркин кылган.
X мууну аманаттарды, инвестицияны, үй-бүлөнү жана балдардын билим алуусуна сарптоого умтулушат, ошону менен катар банк продуктуларын жигердүү колдонушат. Алар баасына сапатына терең маани бергендиктен, импульсивдүү сатып алууларга дуушар болушпайт. Алар этияттык менен инвестиция салышат.
X муунунун урааны: «Киреше кирип турган булагың сөзсүз болушу керек».
Миллениалдар (1981-1996-жылдар)
Миллениалдар глобалдашуу жана каржылык кризистер доорунда чоңоюп, алардын финансылык келечегине таасир эткен. Алар эмгек рыногуна кирүү жана үй сатып алууда кыйынчылыктарга туш болушкан, ыңгайлуулукту жана мобилдүүлүктү баалашат, банк, инвестиция жана төлөмдөр үчүн тиркемелерди активдүү колдонушат. Алар кредиттерге жана жазылууларга көнүп калган, жаңы финансылык технологияларга ачык.
Алардын көбү жумуштун фрилансердик же ийкемдүү формаларын тандашат, бул алардын киреше жана чыгашага болгон мамилесине таасирин тийгизет. Көбүнчө алар «өзүнө» инвестиция салышат.
Миллениалдардын урааны: «Ананкыга караганда, азыркы маанилүү».
Зумерлер / Z мууну (1997-2012-жылдар)
Бул муун төрөлгөндөн баштап санариптик технологиялар менен курчалган, акча каражаттарын башкарууну тез үйрөнөт, инвестициялык тиркемелерди колдонот жана жаштайынан каржылык пландаштырууга кызыкдар. Z мууну тобокелдикке баруудан коркпойт. Криптовалюталар, акциялар жана стартаптар аларга түшүнүктүү, бирок алардын каржылык чечимдерине блоггерлер жана таасирдүү адамдар таасир этиши мүмкүн.
Алар маалыматтарга жана товарларга коз ачып-жумганча жетүү мүмкүнчүлүгүнө көнүп калышкан, ишкердикке көбүрөөк ыкташат. Алар социалдык жана экологиялык маселелерге өтө сезимтал келишет. Алар өз баалуулуктарын бөлүшкөн бренддерди колдошот.
Зумерлердин урааны: «Акча – бул көз карандысыздык»
«Альфа» мууну
Бүгүнкү күндө Альфа мууну да өзгөчөлөнөт – булар 2012-жылдан кийин төрөлгөндөр. Бул санариптик дүйнөгө жана жасалма интеллектке сугарылган эң жаш муун. Алардын ата-энелери миллениалдар же Z муунунун өкүлдөрү. Алар тиркемелерди жана оюн аянтчаларын колдонуу менен балдарын кичине кезинен эле финансылык сабаттуулукка үйрөтүшөт.
Алардын урааны: «Кемчиликсиз жана чексиз».
Бул жалпы тенденциялар экенин белгилей кетүү маанилүү жана жеке финансылык адаттар ар бир муундун ичинде өзгөрүшү мүмкүн. Бирок, бул жалпылоо адамдардын каржылык артыкчылыктары жана жүрүм-туруму алардын жашоо тажрыйбасы жана аларды курчап турган дүйнө менен кандайча түзүлөөрүн түшүнүүгө жардам берет.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.