Кыргызстанда унаа сатып алуу үчүн канча акча топтоо керек

Кыргызстандагы популярдуу унаалардын баасы
Экинчи жана биринчи базар баасында баалардын түшүүсү байкалууда. Мисалы, белгилүү үлгүдөгү унаалар:
- Toyota Camry — 8 000 доллардан 30 000 долларга чейин;
- Daewoo Matiz (2010 ж.) — 3 000 доллардын тегереги;
- BYD Qin II DM-i 1.5 (2024 ж.) — 10 500 доллар;
- Chevrolet Spark IV (2019 ж.) — 7 400 доллар.
Учурдагы доллардын курсу менен (1$= ~87,4 сом сом), бул унаалардын баасы 262 200 сомдон (Matiz) 2 622 000 сомго чейин (Camry).
Орточо айлык жана чогултуу мөөнөтү
Улуттук статистикалык комиттетин маалыматы боюнча, 2025-жылдын январь–февраль айларында орточо айлык төмөнкү сумманы түздү:
- 39 456 сом (чакан ишкерликти кошпогондо).
- 451,6 $ (Улуттук банктын эквиваленттеги курсу менен).
Кыргызстандын орточо эмгек акысы менен (айына 39 456 сом) инфляциянын деңгээлин эсепке албаганда автоунааны болжолдуу сактоо мөөнөттөрү:
Эгерде айлык акынын дээрлик 100 пайызын чогултса:
- Daewoo Matiz (2010) — ≈ 262 200 сом → 7 ай;
- Chevrolet Spark IV (2019) — ≈ 647 760 сом → 16 ай;
- BYD Qin II DM-i (2024) — ≈ 916 000 сом → 23 ай;
- Toyota Camry (от $8 000) — ≈ 699 200 сом → 18 ай;
- Toyota Camry (до $30 000) — ≈ 2 622 000 сом → 66 ай (5,5 жыл).
Эгерде айлыктын 30%ын чогултса:
- Daewoo Matiz (2010) — ≈ 22 ай;
- Chevrolet Spark IV (2019) — ≈ 53 ай (4,4жыл);
- BYD Qin II DM-i (2024) — ≈ 77 ай (6,4 жыл);
- Toyota Camry (8 000 доллардан баштап) — ≈ 60 ай (5 жыл);
- Toyota Camry (30 000 долларга чейин) — ≈ 220 ай (18 жыл жана 4 ай).
Демек, эгерде айлыктан 30 пайыз гана чогултса, убакыт үч эсеге – 21 айдан Spark үчүн жана кымбат Camry үчүн 16 жылга чейин созулуп кетет.
Банктар эмне сунуштайт: авто насыялар
Унаа сатып алуу процессин ылдамдатуу үчүн авто насыя кызматтарын колдонууга мүмкүн. Бир нече сунуштар:
- Пайыздык чендер: жылдык 23%дан баштап;
- Сумма: 250 000ден 5 000 000 сомго чейин;
- Мөөнөтү: 60 айга чейин;
- Күрөө: алынган унаа же кыймылсыз мүлк.
- Сумма: 85 000 сомдон 8,5 млн сомго чейин же АКШ долларынын эквиваленти менен;
- Мөөнөтү: 60 айга чейин;
- Пайыздык чендер: 22%дан баштап сом менен, 14%дан баштан АКШ доллары менен
- Эффективдүү пайыздык чендер: 24,14 сом менен, 14,8 АКШ доллары менен.
- Сумма: 50 000 сомдон баштап.
- Мөөнөтү: 36 айга чейин
- Пайыздык чени: 22-24% жылдык.
- Валюта: сом же АКШ доллары;
- Сумма: 200 000 сомдон баштап;
- Мөөнөтү: 3 айдан 7 жылга чейин;
- Пайыздык чендери: 25,9%дан баштап/ 13,9% дан баштап АКШ доллары менен;
- Эффективдүү чен бардык жыйындар менен бирге: 30,38%дан баштап (сом) / 15,53%дан баштап (доллар)
- Комиссия: 1% насыянын суммасынан;
- Камсыз кылуу: алынган унаанын күрөөгө коюу же ишенимдүү адам;
- Өзгөчөлүгү: төлөөнүн ийкемдүү графиги.
- Сумма 7 млн сомго чейин;
- Мөөнөтү: 60 айга чейин;
- Пайыздык чени 22-23% жылдык;
- Минималдуу баштапкы төлөм: 30%дан баштап;
- Ишенимдүү адам: 2 500 000 сомдон өйдө.
Doscredobank GREEN - ЭКОАВТО
- Насыянын суммасы: 5 000ден баштап 12 млн сомго чейин.
- Мөөнөтү: 3 айдан 60 айга чейин;
- Пайыздык чен: 20 -27 %;
- Эффективдүү % чени: 24,29 % баштап.
«Айыл Банк» (ата мекендик унаалара )
- Чен: 8% жылдык;
- Эффективдүү пайыздык чен: 8,29% баштап жылдык;
- Сумма: 3 млн сомго чейин;
- Мөөнөтү: 5 жылга чейин;
- Салым: 20%дан баштап;
- Унааны милдетүү камсыздандыруу;
- Жеткиликтүү үлгүлөр:Chevrolet Cobalt, Onix, Tracker, DAMAS, ISUZU NPR жана башка.
«Элдик Банк» (ата мекендик унааларга)
- Пайыз: 8,45%дан баштап жылдык;
- Сумма: 3 млн сомго чейин (жеке тараптар үчүн);
- Салым: 20%;
- Мөөнөтү: 60 айга чейин.
Демек, орточо айлык менен жөнөкөй жупуну унаага 1-2 жыл, жаңы жана заманбап унаага 3-5 жыл же андан көп убакытта каражат топтосо болот экен. Автокредиттер сатып алуу мөөнөтүн кыскартууга мүмкүндүк берет, бирок милдеттүү түрдө алдын ала төлөмдөрдү жана үзгүлтүксүз төлөмдөрдү талап кылат.
Автонасыянын тизмеси менен биздин сайттан таанышсаңыз болот.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.