Курс USD 87.31 / 87.80
Курс EUR 98.51 / 99.51
Курс RUB 1.077 / 1.110
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.31 / 87.80
EUR EUR
98.51 / 99.51
RUB RUB
1.077 / 1.110
KZT KZT
0.117 / 0.187

Сиздин финансылык жардамчыларыңыз: Чыгашаларды көзөмөлдөө үчүн мобилдик тиркемелер

Мобилдик тиркеме чыгымдарды көзөмөлдөөдө - жеке каржыңызга көз салуу үчүн пайдалуу курал болуп саналат. Banks.kg порталы каржыңызды ирээтке келтирүүгө жардам бере турган популярдуу тиркемелерди тандады.
Сиздин финансылык жардамчыларыңыз: Чыгашаларды көзөмөлдөө үчүн мобилдик тиркемелер

Бул 7 мобилдик тиркеме кирешеңизди көзөмөлдөөгө, эң көп эмнеге сарптаганыңызды көрсөтүүгө жана чыгымдарыңызды анализдөөгө жардам берет.

YNAB (You Need A Budget):

«YNAB - бул жөн гана акчаны башкаруу куралы эмес, өзүн-өзү ишке ашыруунун куралы!»

YNAB тиркемеси нөлдүк бюджеттик методологияга негизделген. YNAB менен сиз акча жөнүндө азыраак кабатыр болосуз, туруктуу эмес киреше менен өзүңүздү ишенимдүү сезесиз жана карыздан биротоло кутуласыз. Бул акчаңызды так башкарууга, реалдуу убакытта чыгымдарыңызды көзөмөлдөөгө жана каржылык максаттарыңызга жетүүгө жардам берет.

YNAB тиркемесинин колдонуучулары эмне деп ойлошот:

  • Колдонуучулардын 90% YNABтиркемеси  ишке киргенден бери финансылык абалы жакшырды деп эсептешет;
  • 91% YNAB акчага болгон мамилесин өзгөрттү деп эсептешет;
  • Тиркеменин колдонуучуларынын 70% 3 айдан ашык акча чогулта алышат;
  • 93% колдонуучулар досторуна жана үй-бүлөсүнө YNAB сунуш кылат.

«Мен бир гана айлыкты карап жашап, бир жылда 42 000 доллар үнөмдөөгө чейин бардым. YNAB жашоомдогу акча стрессинен арылтып, мага жакшы жолдош болууга жардам берди. Мен эч качан оңдой албаган жеке кемчилигимден арыла алгандай болдум", - деп билдирген Кайл аттуу колдонуучу, ал 2020-жылдан бери YNAB тиркемесин колдонуп келет. 

Ал эми башка колдонуучу YNAB тиркемеси аны чечкиндүү кылганын айтып берген. 

YNAB күчтүү пландаштыруу жана отчеттуулук өзгөчөлүктөрүнө ээ жана акы төлөнүүчү версиясынан сырткары сыноо версиясы бар.

Spendee:

«Сиздин акчаңызды ирээтке келтирген тиркеме».

Spendee Budget & Money Tracker колдонмосу интуитивдик интерфейске ээ жана чыгымдарга кол менен же автоматтык түрдө көз салууга, бюджеттерди түзүүгө жана отчетторду алууга мүмкүндүк берет.

Spendee - дүйнө жүзү боюнча 3 миллионго жакын колдонуучуларга алардын чыгашаларын жана кирешелерин көзөмөлдөөгө жана оптималдаштырууга жардам берген бекер бюджеттик колдонмо.

Өз акчаңды кантип ирээтке келтирүү керек?

 Кадам 1: Акча агамына көз салыңыз:

  • Банк эсептериңизди туташтырсаңыз, бардык транзакцияларыңыз автоматтык түрдө Spendee тиркемесине импорттолот.
  • Акча агымын толук көзөмөлдөө үчүн криптокапчыгыңызды жана электрондук капчыкты туташтырыңыз.
  • Накталай чыгымдарыңызды да кошуңуз.

Кадам  2. Каржылык адаттарыңызды түшүнүңүз:

  • Каржыңызды кооз, жөнөкөй жана так графика менен талдаңыз. Татаал Excel таблицаларынын кереги жок.
  • Акчаңыздын кайда кеткенин жана кайдан келгенин көрүңүз.
  • Тапканыңыздан азыраак короторуңузду көрүңүз.

Кадам 3. Баш оорусу жок чыгымда :

  • Ашыкча чыгымдан качуу үчүн бюджетти түзүңүз.
  • Бюджетиңизден ашпай, күн сайын канча акча коротсоңуз болорун билип алыңыз.
  • Финансылык максаттар жана кыялдар үчүн акча чогултуңуз.

Spendee колдонуучулары эмне деп ойлошот: 

«Мен Spendee тиркемесине чейин акча көзөмөлдөөчү башка колдонмолорду колдонуп көрдүм, бирок ага анын жөнөкөйлүгү жана таза дизайны үчүн токтолдум», - деп билдирген тиркеменин Харнет.

Monefy

«Өз акчаңызга көзөмөл кылыңыз»!

Monefy тиркемеси - бюджет менеджери, чыгымдарды кол менен киргизүү үчүн жөнөкөй жана ыңгайлуу. Monefy таза дизайнга ээ жана транзакцияларды тез кошууга мүмкүндүк берет. Monefy - бул жеке каржы колдонмосу, ал акчаңызды башкарууну жана чыгымдарыңызды оптималдаштырууну жеңилдетет.

Колдонуучулар эмне деп ойлошот:

«Тиркеме бардык негизги муктаждыктарды камтыйт. Көптөр заманбап дизайнды, графиканы көргүсү келет, бирок мага мунун кереги жок. Мен PRO-версиясын сатып алдым, эми жарнамалар мени кыйнабайт. Бул сонун колдонмо», - деп билдирет тиркеменин колдонуучусу Даниил.

Monefy тиркемесинин акысыз да версиясы бар. 

Wallet by BudgetBakers

«Коопсуз жашоо бул - жөн эле акча эмес Ал аны кантип колдонууда»

BudgetBakers тиркемеси- бул банктарды автоматтык түрдө синхрондоштуруу, жалпы бюджетти түзүү, карызга көз салуу жана деталдуу отчеттуулукту камтыган көптөгөн мүмкүнчүлүктөрү бар күчтүү колдонмо. Учурдагы каржылык абалыңызга карабастан, бул ири инвестицияларга даярданууга, ошондой эле карызды төлөөгө жардам берет.

Капчык сизге жардам берет: 

  • Капчык сизге жардам берет: 
  • акча кайда кетип жатканын түшүнүүгө
  • керектүү маалыматтарды көрүүгө.
  • маанилүү идеяларды табууга.
  • натыйжалуу болууга.
  • төлөмдөрдү өткөрүп жибербөөгө.

Колдонуучулар эмне деп ойлошот:

«Жакшы тиркеме, сонун функционалдуулук, абдан ыңгайлуу. Негизги артыкчылыгы - жарнамалар кээде пайда болот, бирок башка тиркемелердегидей эмес, бул үчүн рахмат. Балким мен аны түшүнбөй же таппай калгам, атайын бир күн же бир жумага чыгашаларды көрсөтүү аздык кылат, аны өзүңүз эсептеп чыгышыңыз керек», - деп билдирген аталган тиркеменин Сергей аттуу колдонуучусу.

Wallet тиркемеси да акысыз жана акы төлөөчү версиясы бар.

CoinKeeper

«Күнүнө туура финансылык чеимдер»!

CoinKeeper тиркемеси бюджетиңизге кам көрөт. CoinKeeper чөнтөгүңүздөгү киреше жана чыгаша трекери. Тиркеме сизге каржыңызды, кирешеңизди жана чыгашаңызды башкарууга, үй-бүлөлүк бюджетти сактоого, ошондой эле бардык банк эсептериңизди бир жерден чогултууга жардам берет.

Бул тиркемеге 500 миңден ашык колдонуучу бекер кошулган. CoinKeeper тиркемесинин биринчи версиясы 2011-жылы пайда болгон. Ай сайын 350 миңден ашык адам бул тиркемени колдонушат.

«Колдонмо ыңгайлуу. Кээде эсептөөдө ката пайда болот. Чыгым кошулгандан кийин дароо эле калганы өйдө жагына өзгөрүп, тиркемени кайра ачкандан кийин эсеп туура болуп калат. Мага колдонмо жагат, мен аны сунуштайм», - деп билдирген Марина аттуу колдонуучу.

Дзен-мани

«Каржы тармагында ачык-айкындыкты каалагандар үчүн».

«Дзен-мани» тиркемеси жеке каржылык аналитика үчүн көптөгөн россиялык банктардан кирешелер жана чыгашалар боюнча маалыматтарды автоматтык түрдө жүктөп алууга, ошондой эле транзакцияларды кол менен киргизүүгө мүмкүндүк берет. Акыркы 14 жылдын ичинде бул колдонмо 2 миллион адамдын тандоосу болуп калды.

Тиркеме автоматтык түрдө жалпы маалыматтарды чогултат, чыгашаларды талдап, бюджетти пландаштырат, так маалыматтардын негизинде пландарды түзүүгө жардам берет. Акыркы айлардын статистикасы милдеттүү төлөмдөр үчүн канча акча керектелерин, кофеге, китептерге, киного жана саякатка канча акча коротсо болорун көрсөтүп турат.

Колдонуучулар эмне деп ойлошот:

«Абдан жакшы тиркеме, супер функционалдуулук. Ал карталардан бардык push-билдирүүлөрдү өз алдынча окуйт. Акчаны бир эсептен экинчисине ички которуу функциялары бар. Карызга берилген акчалар да чагылдырылат. Ар кандай валюталар бар. Колдонмо азыр бардык эсепке алуу муктаждыктарын камтыйт», - деп билдирген Алёна аттуу колдонуучу.

Toshl Finance:

«Toshl Finance – максаттарыызга көңүл буруңуз»!

Toshl Finance бул күчтүү бюджеттөө жана чыгашаларды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрүн камтыган өзгөчөлүктөргө бай акча башкаруу колдонмосу болуп саналат. Бул маалыматтарды визуализациялоону жана ыңгайлаштыруудагы ийкемдүүлүктү баалагандар үчүн ылайыктуу.

Toshl Finance тиркемесинин башкы фишкалары:

  • Toshl Finance өзүнүн түстүү жана көлөмдүү дизайны менен өзгөчөлөнөт, бул каржыны эсепке алуу процессин жагымдуу кылат.
  • Сиз ар кандай мезгилдерге чек коюу мүмкүнчүлүгү менен жөнөкөй жана деталдуу бюджеттерди түзө аласыз.
  • Toshl Finance дүйнө жүзү боюнча көп сандагы банктар жана финансы институттары менен байланышты колдойт.
  • Операцияларды кол менен кошо аласыз.
  • Toshl Finance акчаңыздын кайда кетип жатканын көрсөтө турган диаграммаларды жана отчетторду сунуш кылат.

«Айлык чыгашаларыңызга көз салуу үчүн Toshl сыяктуу бюджеттик трекерди колдонуңуз. Кээ бир категориялар боюнча сиз ойлогон каражат менен айына эмне коротконуңуздун ортосундагы айырмага таң каласыз», - деп билдирген Sieg Prigge аттуу Twitter баракчасынын колдонуучусу.  

Banks.kg редакциясынын атынан

Бир нече мобилдик тиркемелерди кылдат карап чыгыңыз жана муктаждыктарыңызга эң туура келгенин тандаңыз. Эксперттер бир катар жагдайларга көңүл бурууну сунушташат: интерфейстин ыңгайлуулугу, отчеттуулук жана аналитика, банктар менен автоматтык түрдө синхрондоштуруу, чыгашаларды кол менен киргизүү, финансылык маалыматтарыңызды коргоо жана акысыз версиянын же акы төлөнүүчү жазылуунун болушу. Чыгымдарыңызды көзөмөлдөөгө ийгилик!

Фото: www

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.