Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Пенсиялык топтоону турак жай алуу үчүн кантип колдонсо болот

Кыргызстандыктар пенсиялык топтоолорун турак жайды ипотекага алуу же үлүштүк курулушка катышуу үчүн колдоно алышат.

Пенсиялык топтоону турак жай алуу үчүн кантип колдонсо болот

Соцфонддон билдиришкендей, бул мүмкүнчүлүктү (жолдошу/же жубайынын) жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндөгү каражатынын суммасы 50 миң сомдон ашкандар пайдалана алышат.

Ал үчүн Социалдык фонддун аймактык башкармалыгынан жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнөн көчүрмө алуу керек. Андан соң банкка же курулуш компаниясына кайрылып, тастыктоочу кат алуу керек.

Булардан соң Соцфонддун аймактык башкармалыгына документтер топтомун тапшырууга болот.

Ипотека үчүн төмөнкү документтер керектелет:

  • арыз ээсинин паспорту; 
  • нике күбөлүгү (жубайы кайрылган учурда); 
  • банктан, каржы-насыялык мекемеден ипотекалык насыянын жактырылгандыгын тастыктоочу кат. 
  • Үлүштүк курулушка катышуу үчүн:
  • арыз ээсинин паспорту; 
  • нике күбөлүгү (жубайы кайрылган учурда); 
  • «МКК» ААКтан, Бишкек же Ош шаарларынын мэрияларынан же курулуш компаниясынан тастыктоочу кат; 
  • кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө (жеке курулуш компанияларынын объекттери үчүн); 
  • курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (Мамкурулуштун) объекттин курулуп жаткан объекттердин реестринде бар экендиги жөнүндө маалыматы.

Эске салсак, буга чейин биздин портал МИК ипотекасын кантип алуу керектиги тууралуу маалымат жарыялаган.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.