Ушул жылдын күз мезгилинде Кыргызстандын банктары жана микрофинансы уюмдары улуттук валютада орточо мөөнөттүү үч жылга чейинки депозиттерди сунуштап жатышат. Максималдуу пайыздык чен, сом менен жылдык 17%га табууга мүмкүн. Орточо алганда көпчүлүк банктар жеке адамдар үчүн депозиттер боюнча жылдык 14-15% пайыздык чендерди сунушташат, бирок, биз көбүрөөк пайдалуу варианттарды карап көрөлү.
Жылдык 17%
2025-жылдын күзүндө депозиттеги пайыздык чендер боюнча лидер болуп жеке тараптарга жылдык 17% менен «Пенсиялык» жана «Мөөнөттүү» депозиттерди сунуштаган МФК «Элет-Капитал» ЖАКсы болуп саналат. Аманаттын минималдуу суммасы: 5 000 сом. Ошону менен катар «Пенсиялык» депозиттин эсебин толуктоого жол берилет, бирок депозиттин мөөнөтү аяктаганга чейин 1-2 айдан кеч эмес. Ал эми «Мөөнөттүү» депозиттик эсепти толуктоого тыюу салынат. Пайыздарды төлөө ай сайын жүргүзүлөт.
Жылдык 16%
Ушул эле компания жеке жана юридикалык тараптарга жеткиликтүү болгон «Аманат» депозити боюнча жакшы кирешени сунуштайт. Пайыздык ченижарым жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө сом менен жылына 16%га чейин. Аманатты толуктоо анын мөөнөттү аягына чыкканга чейин мүмкүн, ал эми пайыздар ай сайын төлөнөт.
Жылдык 15,5%
Андан кийин «Дос-Кредобанк» ААКсынын «Simbank депозитин» белгилей кетсек болот, ал эки жылга чейин жылдык 15,5%ды сунуштайт. Аманаттын минималдуу суммасы 1000 сом, бирок депозиттин мөөнөтүндө кошумча акча салууга болбойт. Аманат боюнча пайыздар күн сайын чегерилет. Төлөмдөрдү алуу ай сайын же мөөнөттүн аягында жүргүзүлүшү мүмкүн, акыркы вариант көбүрөөк пайдалуу.
Жылдык 15%
Андан соң MBANK банкынан жылдык 15% менен бир канча аманаттар кетет -
«Шашылыш», «Шашылыш-онлайн» жана «Мурас».
MBANK «Шашылыш» депозити үч жылга чейин ачылат, депозиттин минималдуу суммасы 1000 сом жана пайыздар ай сайын төлөнөт. Мында аманаттарды салууга жана алууга жол берилбейт, ал эми чегерилген пайыздар ар бир айдын аягында талап кылынган эсепке которулат.
«Шашылыш-онлайн» буга чейинки аманаттан айырмаланып, MBANK тиркемеси аркылуу ачып алса болот.
«Мурас» аманаты 55 жаштан жогоркуларга каралган. Негизги максат – сом менен жылына 15% туруктуу пассивдүү киреше алуу жана финансылык жактан коопсуз сезүү мүмкүнчүлүгүн берүү. Аны банктын каалаган кеңсесинен же MBANK тиркемеси аркылуу ачууга болот. Бул депозит Кыргыз Республикасынын резиденттерине гана жеткиликтүү. Аманаттын минималдуу суммасы 1000 сомду түзөт жана эсепти депозиттин биринчи жылында толуктоого болот. Депозит боюнча пайыздар чегерилип, кардарга ай сайын төлөнүп турат. Мындан тышкары, пайыздык капиталдаштыруу да каралган.
Ошондой эле МФК «Салым Финанс» да жылдык 15% менен жарым жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө депозит ачууга болот. Компания эки продукцияны сунуштайт: «Салым» жана «Салым Плюс». Биринчисин 1000 сом менен ачса болот. Депозитти толуктоого тыюу салынат, пайыздарды төлөө ай сайын же кардардын тандоосу боюнча башка жыштыкта жүргүзүлөт.
«Салым плюс» депозитинин баштапкы суммасы - 10 000 сом, депозитти толуктоого уруксат берилет жана квартал сайын пайыздарды капиталдаштыруу каралган. Пайыздык төлөмдөр каалаган жыштыкта жүргүзүлөт.
Жылдык 14,55%
MBANK банкынын «Аманат» депозити белгилүү бир максатта акча каражаттарын топтоо үчүн арналган. Бул абдан ыңгайлуу курал, анткени банк каалаган убакта каалаган сумманы бөлүп коюуга мүмкүндүк берет. Минималдуу сумма - 1000 сом бир жылга чейин. Мындан тышкары, кардарларда пайыздык капиталдаштыруу жана ай сайын төлөм ортосунда тандоо бар: капиталдаштыруу менен пайыздар чегерилет жана депозиттин негизги суммасына кошулат. Капиталдаштыруусуз - пайыздар ай сайын өзүнчө эсепке төлөнөт.
Эгерде сиз аманатыңызды сактап, көбөйтүүнү кааласаңыз, 2025-жылдын күз мезгилинде сом депозитин ачууга ыңгайлуу учур. Кыргызстандын банктары жана микрофинансылык уюмдары мөөнөттүү депозиттер боюнча жылдык орточо 14% пайыздык үстөк сунуштайт, бирок жылына 17%га чейин кирешелүүлүк менен андан да ыңгайлуу шарттарды таба аласыз. Аманатты тандоодо мөөнөттү, эсепти толуктоо мүмкүнчүлүгүн жана пайыздарды төлөөнүн үзгүлтүксүздүгүн эске алыңыз — бул сиздин финансылык максаттарыңыз үчүн эң ылайыктуу вариантты тандоого жардам берет.
Көңүл буруңуз: тарифтер жана шарттар өзгөрүшү мүмкүн, андыктан аманат ачардан мурун чоо-жайын билүү үчүн банкка кайрылыңыз.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын бардык банктары Кыргыз Республикасындагы жеке адамдардын депозиттерин коргоо системасынын катышуучулары болуп саналат.
Кыргызстанда жеке адамдардын банктык аманаттарын коргоо системасы «Банктык аманаттарды (депозит) коргоо жөнүндө» мыйзамы менен жөнгө салынып, ага ылайык аманатчыларга компенсациянын өлчөмү 1 миллион сом деп белгиленген.
#worldsavingsday
#каражаттоптоо2025

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.