Окууга жана билим берүүгө топ-5 кредит – студенттер жана алардын ата-энелери үчүн

Сапаттуу билим алуу — келечекке салынган үмүттүү инвестициянын бири болуп саналат. Кыргызстандын микрофинансылык уюмдары жогорку окуу жайларга, колледждерге жана жеке мектептерге каражат төлөө үчүн студенттер жана алардын ата-энелери үчүн атайын насыялык өндүрүмдөрдү сунушташат.

Окууга жана билим берүүгө топ-5 кредит – студенттер жана алардын ата-энелери үчүн

Кыргызстандагы студенттер жана ата-энелер үчүн топ-5 насыя: 

1. Кредит «Билим — өмүр чырагы» «Керемет Банк» ЖАКсынан  

Максаты: жогорку окуу жайларда, колледжерде жана IT-курстарына, квалификациясын жогорулатууда, атайын тренингдерде окууга багытталган. 

Шарттары:

  • Суммасы: 10 000ден 500 000 сомго чейин;
  • Күрөөсүз — 100 000 сомго чейин (жаңы кардарлар үчүн), 200 000 сомго чейин (кайталангандар үчүн);
  • Мөөнөтү: 36 айга чейин;
  • Пайыздык чени: 20% жылдык;
  • Төгүү: ай сайынкы төлөм.

Кимдер ала алат: туруктуу кирешеси бар 20-70 жаштагы физикалык тараптар- ишкердик менен (6 айдан кем эмес) алектенгендер же эмгек акысын (3 айдан кем эмес) алып жаткандар.

Артыкчылыгы: аз суммага күрөөсүз насыя алуу мүмкүнчүлүгү — кыска курстарга же жеке мектептерге төлөө үчүн ыңгайлуу.

2. «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАКсынан БААУга окуу үчүн кредит  

Максаты: Борбордук Азиядагы Америка университетине (БААУ) окуу үчүн каражат төлөө.  

Шарттары:

  • Суммасы: 35 000ден 350 000 сомго чейин;
  • Мөөнөтү: 3 айдан 9 айга чейин;
  • Пайыздык чени: 20% (эффективдүү чен — 21,94%дан);
  • Камсыздоо:
    • 140 000 сомго чейин — ишенимдүү адам 1–2 киши;
    • 140 001 сомдон жогору — кыймылдуу же кыймылсыз мүлк;
  • Айыптар: мөөнөтүнөн мурда төлөгөн учурда айып пул жок.

Артыкчылыгы: ачык-айкын шарттар жана 140 000 сомго чейин күрөөсүз насыя алуу мүмкүнчүлүгү.

3. МФК «Салым Финанс» ААКсынан «Билим берүүгө» кредит 

Максаты: Кыргызстандагы же чет өлкөдөгү окуу акысын төлөө.

Шарттары:

  • Сумма: 5 000ден 1,5 млн сомго чейин (же АКШ долларынын эквиваленти менен);
  • Мөөнөтү: 3 айдан 5 жылга чейин;
  • Пайыздык чени:
    • сом менен — 25,5%дан (эффективдүү — 29,99%);
    • в долларах — 13,9%дан (эффективдүү — 15,66%);
  • Камсыз кылуу: күрөөсүз —  700 000 сомго чейин (ишенимдүу адам менен);
  • Төгүү: ай сайын, ийкемдүү график, кредиттик каникулдар каралган;
  • Комиссия: насыянын суммасынан 1%.

Артыкчылыгы: сом менен дагы доллар менен дагы жеткиликтүү, бул кирешеси чет элдик валютада болгон үй-бүлөлөр үчүн ыңгайлуу. 

4.  МФК «Алма Кредиттен» «Окуу — жарыкчылык» насыясы 

Максаты: Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү окууну каржылоо – Орусия, Европа жана АКШда. 

Шарттары:

  • Суммасы: 20 000ден 700 000 сомго чейин;
  • Мөөнөтү: 3 айдан 60 айга чейин;
  • Пайыздык чени: 23,58% (эффективдүү чени — 23,58%дан);
  • Камсыздоо:
  • 150 000 сомго чейин — күрөөсүз (ишенимдүу адам менен);
  • 250 000 сомго чейин —күрөөгө унаа же кыймылсыз мүлк талап кылынат;
  • 250 001 сомдон жогору — күрөөгө кыймылсыз мүлк. 

Артыкчылыгы: чет өлкөдө билим алууга каражат алуу мүмкүнчүлүгү. 

5. Альтернатива катары керектөө кредиттери

Көптөгөн банктар жана микрофинансылык уюмдар керектөө кредиттерин сунушташат, аларды билим берүү үчүн да төлөөгө колдонсо болот.

Ал туура келет, эгерде:

  • билим берүү программаларына караганда көбүрөөк сумма талап кылынса;
  • каражаттар билим берүү мекемесине которуу жолу менен эмес, накталай керек болсо;
  • мөөнөт боюнча шарттар жана пайыздык чендер пайдалуу болсо. 

Кеңеш: дайыма бардык алымдарды жана төлөмдөрдү камтыган эффективдүү пайыздык ченди (ЭПЧ) салыштырыңыз.

Студенттерге жана ата-энелерге пайдалуу кеңештер 

  1. Номиналдык паайыздык ченди эле эмес, ЭПЧди да салыштырыңыз. Бул насыянын реалдуу турушун түшүнүүгө жардам берет. 
  2. Жеңилдетилген мөөнөттүн бар же жогун текшериңиз. Эгерде студент убактылуу иштебесе, биринчи айда пайызын гана төлөө мүмкүнчүлүгу бар программаны тандаңыз. 
  3. Камсыздоого баа бериңиз. Ири суммалар көбүнчө кыймылсыз мүлк же унаа сыяктуу күрөөнү талап кылат; азыраак суммаларды ишенимдүү адам менен камсыз кылууга болот.
  4. Ким займ алуучу боло аларын тактаңыз. Кээ бир банктар студенттерге негизги карыз алуучу болууга мүмкүндүк берет, ал эми кээ бири насыя алуу үчүн ата-энесин же камкорчусун талап кылат.

#worldsavingsday 

#каражаттоптоо2025

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.