Эмнеге акчаны колдон алмаштырбоо керек: 10 орчундуу себеп

Биз көпчүлүк жарандар кабылган, алдоонун кеңири таралган 10 схемасын чогулттук.
1. Жасалма купюра
Эмне үчүн иштейт: көпчүлүк адамдар өзгөчө шашкан учурда жасалма акча менен чыныгы акчанын айырмасын билбей калышат.
Жыйынтык: сиз акчанын ордуна «кагаз» алып каласыз жана аны кайра кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырайсыз.
2. Пачкага даярдалган
Эмне үчүн иштейт: бир караганда таңгак толук көрүнөт, айрыкча ал атайын байланып же оролгон болсо.
Натыйжа: акчаны санабай кеткенде, ичинде кагаз же майда купюралар болушу мүмкүн.
3. Кайра эсептөө учурунда алмаштыруу
Бул эмне үчүн иштейт: акчаны алмаштырган адам кыймыл-аракет менен же, суроо, ишарат менен алаксытат.
Натыйжа: азыраак же жасалма акча менен кетесиз.
4. Жасалма кассир
Бул эмне үчүн иштейт: схема адамдардын ишениши үчүн иштелип чыккан - ал «алмашуу пунктунун» көрүнүшүн жана чынчыл системаны жаратат.
Натыйжа: сизди «сценарий боюнча» алдашат - акча менен жок болуп кеткен кассир менен.
5. Чөнтөктөгү банкнот
Эмне үчүн иштейт: күбөлөрдүн жоктугу алдамчыга бир же бир нече купюраларды «чыгарып алууга» мүмкүндүк берет.
Натыйжа: керектүу сумманын чыкпай калышы транзакция аяктагандан кийин гана билинет.
6. Валютаны алмаштыруу
Эмне үчүн ал иштейт: шашылыш учурда жана жарыгы начар жерлерде валюталарды чаташтыруу оңой (мисалы, рубль жана сомду).
Натыйжа: сиз күткөндөй валютаны албайсыз.
7. Мессенджерлердеги жасалма кепилдик
Ал эмне үчүн иштейт: Telegram тиркемесиндеги жасалма жагымдуу пикирлер ишенимдүүлүктүн элесин жаратат.
Натыйжа: сиз акчаны алдын ала которосуз жана кайра аны таппай каласыз.
8. Келишимден кийин алмаштыруу
Бул эмне үчүн иштейт: ал акча алмашыргандан кийин сизди алдамчылыкка айыптоо жана валютаны кайтарып алуу үчүн атайын «сценка» коёт.
Натыйжа: сиз акчаны да, аброюңузду да жоготосуз, кээде « милицияга берем» деген коркутуулар менен да коштолуусу мүмкүн.
9. Курс менен алдоо
Эмне үчүн иштейт: курс алдын ала жарыяланып, бирок акыркы секундда «өзгөрүп» кетет. Кардарлар көбүнчө баш тартуудан уялышат.
Натыйжа: сиз сумманын бир бөлүгүн жоготосуз же жагымсыз келишимге макул болосуз.
10. Милиция менен бирге ак жерден күнөөлө
Бул эмне үчүн иштейт: «атайын операция» менен коркутуу, мыйзамсыз соода кылган деп айыптоо жабырлануучуну нес калат.
Натыйжа: Кысым астында сиз мындай «көйгөйдөн кутулуу» үчүн акча бересиз.
Эмне үчүн коркунучтуу:
Бул схемалардын бардыгы үч фактордун айкалышынан улам иштейт: психологиялык басым, юридикалык кепилдиктердин жоктугу жана алдамчынын атайылап шашкандыгы.
Өзүңдү кантип коргоо керек:
Өтө зарылчылык болбосо, көчөдө акча алмаштырууга макул болбоңуз;
Акчаны биринчи болуп сиз бербеңиз;
Дайыма акчаны жекече эсептеңиз;
Расмий алмашуу бюролорун же банктык кассаларды колдонуңуз;
Унааларда жана чет жакаларда келишим түзүүдө алыс болуңуз.
Эске салсак, КРнын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 299-беренесинде банк операцияларын, анын ичинде чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын лицензиясыз (күбөлүксүз) жүргүзгөндүгү үчүн жоопкерчилик каралган. Бул беренени бузуу төмөнкүдөй өлчөмдөгү айып салууга алып келет:
- Жеке тарап үчүн - 175 эсбеиндеги көрсөткүч менен (17 500 сом);
- юридикалык жак үчүн - 550 эсебиндеги көрсөткүч менен (55 000 сом).
Лицензиясыз ишкердик же банк ишин системалуу түрдө жүзөгө ашырган учурда Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасын алмаштырган адамдар КРнын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.