Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Улуттук банк алтынчы интервенцияны 168 млн АКШ долларына жүргүздү

2026-жылы Улуттук банктын сомдун курсун кармап туруу боюнча валюта саясаты интенсивдүүлүгү менен айырмаланат. 3,5 айдын ичинде финансылык жөнгө салуучу орган өткөн жылга караганда көбүрөөк валюта сатты.

Улуттук банк алтынчы интервенцияны 168 млн АКШ долларына жүргүздү
Иллюстрациялык сүрөт

Улуттук банктын расмий сайтында жазылгандай: 

  • 111,4 млн АКШ доллары бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен ишке ашырылган;
  • 56,6 млн АКШ доллары бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен ишке ашырылган. 

2026-жылы Улуттук банк 5 интервенция жасады:

Кечээ, 16-апрелде алтынчы интервенция жүргүзүлдү, ал эми жыл башынан берки сатуулардын жалпы суммасы 893 миллион доллардан ашты. Салыштыруу үчүн: 2025-жылы Улуттук банк жалпы суммасы 853 миллион долларды түзгөн 8 интервенция жүргүзгөн.

2020-жылдан 2025-жылга чейин Улуттук банк 107 интервенция жүргүзгөн. Алты жыл ичинде жөнгө салуучу валюта рыногуна дээрлик 3,8 миллиард АКШ долларын саткан.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.