Улуттук банк 178,9 млн доллар суммасында рекорддук интервенция жасады

Кыргызстандын Улуттук банкы 2026-жылдын башынан бери беш жолу интервенция жасады - соңкусу кечээ, 30-мартта болду. Финансылык жөнгө салуучу орган ички рынокто чет элдик валютаны ири өлчөмдө сатууну жүргүздү.

Улуттук банк 178,9 млн доллар суммасында рекорддук интервенция жасады
Иллюстрациялык сүрөт

Улуттук банктын расмий сайтында жазылгандай: 

  • 95,9 млн АКШ доллары бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен ишке ашырылды;
  • 83 млн АКШ доллары бүтүмгө келишилген күндөн башка кндөгү эсептөөлөр менен ишке ашырылды.

Жогоруда айтылгандай, бул жылы буга чейин 4 интервенция жасалды:

Эске салсак, 2025-жылы Улуттук банк сегиз интервенция боюнча 853 миллион долларды ишке ашырган. Былтыр тескери интервенциялар болгон жок.

2020-жылдан 2025-жылга чейин Улуттук банк 107 интервенция жүргүзгөн. Алты жыл ичинде жөнгө салуучу валюта рыногуна дээрлик 3,8 миллиард АКШ долларын саткан.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.