«КРнын Улуттук банкынын валюта рыногундагы операциялары» бөлүмүндө төмөнкүлөр маалым болду:
- 66,3 млн АКШ доллары бүтүмгө келишилген
күндөгү эсептөөлөр менен ишке ашырылды; - 156,25 млн АКШ доллары бүтүмгө келишилген күндөн
башка күндөгү эсептөөлөр менен ишке ашырылды.
Буга чейин Улуттук банк 7 интервенция өткөрдү:
- Биринчи интервенция - 19-январда, 134 миллион АКШ долларын саткан;
- Экинчи интервенция – 6-февралда, жалпысынан 109,95 миллион АКШ доллары сатылган;
- Үчүнчү интервенция эң ири болду – 26-февралда, 162,55 млн АКШ долларын ишке ашырды;
- Төртүнчү – 10-мартта, 140 млн АКШ доллары;
- Бешинчи – 30-мартта 178,9 млн доллар суммасында рекорддук интервенция жасаган;
- Алтынчы – 16-апрелде - 168 млн АКШ долларына интервенция жүргүздү;
- Жетинчи – 8-июнда 170,2 млн долларга интервенция жүргүздү.

Эске салсак, 2025-жылы Улуттук банк жалпы суммасы 853 миллион долларды түзгөн 8 интервенция жүргүзгөн.
2020-жылдан 2025-жылга чейин Улуттук банк 107 интервенция жүргүзгөн. Алты жыл ичинде жөнгө салуучу валюта рыногуна дээрлик 3,8 миллиард АКШ долларын саткан.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.