Улуттук банктын расмий сайтында жазылгандай:
- 111,4 млн АКШ доллары бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен ишке ашырылган;
- 56,6 млн АКШ доллары бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен ишке ашырылган.
2026-жылы Улуттук банк 5 интервенция жасады:
- Биринчи интервенция - 19-январда, 134 миллион АКШ долларын саткан.
- Экинчи интервенция – 6-февралда, жалпысынан 109,95 миллион АКШ доллары сатылган.
- Үчүнчү интервенция эң ири болду – 26-февралда, 162,55 млн АКШ долларын ишке ашырды.
- Төртүнчү - 10 мартта, 140 млн АКШ доллары.
- Бешинчи – 30-мартта 178,9 млн доллар суммасында рекорддук интервенция жасаган.
Кечээ, 16-апрелде алтынчы интервенция жүргүзүлдү, ал эми жыл башынан берки сатуулардын жалпы суммасы 893 миллион доллардан ашты. Салыштыруу үчүн: 2025-жылы Улуттук банк жалпы суммасы 853 миллион долларды түзгөн 8 интервенция жүргүзгөн.

2020-жылдан 2025-жылга чейин Улуттук банк 107 интервенция жүргүзгөн. Алты жыл ичинде жөнгө салуучу валюта рыногуна дээрлик 3,8 миллиард АКШ долларын саткан.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.