Негизги көрсөткүчтөр:
Жалпы жумушчу күч (15 жаштан жогорку жарандар) 2,9 миллион жаранды түздү.
Анын ичинен 2,8 миллиону – иштегендер, ал эми 104 миңден ашыгы – жумушсуздар.
2023-жылга салыштырмалуу:
- иштеген жарандардын саны 4%га көбөйгөн;
- жумушсуздардын саны 7%га кыскарган.
Иштегендердин жыныстык курамы:
- Эркектер — 1,7 млн адам;
- Аялдар — 1,1 млн адам.
Жумуштуулук деңгээли:
2024-жылы ал 57%ды түзгөн (2023-жылдагы 56,2%га каршы).
Эркектердин жумуштуулук деңгээли - 72%, аялдардыкы - 43%.
2024-жылы жумушсуздуктун деңгээли 3,7% га төмөндөдү, бул мурунку жылга салыштырмалуу 0,4% га төмөн.
Статком эмгек рыногундагы мындай динамика экономиканын акырындык менен калыбына келе баштаганын жана жумушчу орундардын санынын көбөйгөнүн айгинелей турганын белгилейт.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.