2025-жылдын январь-август айларында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,1%га төмөндөп, 9,8 млрд АКШ долларын түздү.
2025-жылдын III кварталында орточо эсеп менен калктын адам башына жашоо минимуму жалпы республика боюнча 8 миң 758 сомду түздү, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 11%га өскөн.
Кыргызстанда жарандардын банк системасына ишеними өсүүдө — 2024-жылы коммерциялык банктардагы депозиттик эсептердин саны жана депозиттердин көлөмү рекорддук деңгээлге жеткен.
2025-жылдын жарым жылында республиканын экономикасынын финансы секторунда 18 камсыздандыруу уюму иштеди, алардын кирешеси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,9 эсеге өсүп, 4,6 миллиард сомго жетти.
Кыргызстанда 2025-жылдын биринчи кварталында калктын номиналдык акчалай кирешеси 226,9 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,6%га көп болду.