Темалар боюнча жаңылыктар: Улуттук банк
Жаңылыктар
Июнда Кыргызстанга келген акча которуулардын агымы 295 миллион доллардан ашты
2025-жылдын май айында өлкөгө 299,2 миллион доллар акча каражаты кирип, 36,2 миллион доллар агылып чыккан, ал эми июнь айында каражаттардын кирүүсү да, чыгуусу да азайган. Адаттагыдай эле каражаттардын агымынын көбү Орусиядан келет.
10:38, 14.08.2025Керектөө насыялары банк секторунун кыймылдаткычы бойдон калууда
Кыргызстандын банк секторунун кредит портфелинин көлөмү 2025-жылдын 30-июнуна карата жыл башынан бери 22,4%га өсүү менен 416,9 млрд сомго жетти.
18:12, 05.08.2025Электрондук капчыктарга байланган банктык карталар жаңы мейкиндикти ачат
КРнын Улуттук банкы тарабынан сунушталган жөнгө салуунун максаты болуп, накталай эмес төлөмдөр чөйрөсүндөгү инновациялык продукттарды киргизүүгө тоскоолдук кылган ченемдик тоскоолдуктарды жоюу саналат, атап айтканда – электрондук капчыктарга функционалдык жактан байланган банктык карталарды чыгаруу.
15:13, 05.08.2025Улуттук банк каржы рыногун өнүктүрүү үчүн Ачык API бирдиктүү стандартын колдонууну сунуштады
Демилгенин негизги максаты – Кыргызстандын финансы рыногунун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүнүн бирдиктүү стандарттарын киргизүү, санариптик сервистердин ачыктыгын, ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле финансы рыногунда инновацияларды жана атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.
11:25, 05.08.2025Улуттук банктын жаңы токтому: Банктар үчүн азыраак тобокелдик, бизнес үчүн көбүрөөк колдоо
КРнын Улуттук банкынын токтому экспортерлорду жана импортерлорду кредиттөөнү стимулдаштыруу жана экономикалык өсүштү колдоо максатында, сооданы каржылоонун тобокелдиги төмөн операцияларды жүргүзүү үчүн коммерциялык банктардын капиталын жөнгө салуу жүгүн азайтуу максатында кабыл алынган.
14:12, 04.08.2025Банктар менен акча алмаштыруу жайларынын ортосундагы валюталык операцияларга коюлган чектөөлөр алынды
Улуттук банк коммерциялык банктар менен алмашуу бюролорунун ортосундагы валюталык операцияларды жөнгө салуучу жобону убактылуу токтотту.
09:21, 31.07.2025Инфляциядан улам Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 9,25%га чейин жогорулатты
КРнын Улуттук банк Башкармасы эсептик ченди (негизги чен) 25 базистик пунктка — 9,25 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Аталган банктын басма сөз кызматы билдиргендей, чечим бүгүн, 29-июлдан тарта күчүнө кирет.
12:44, 29.07.2025Кыргызстандын каржылык резерви жарым жылда 2,7 миллиард долларга өстү
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын дүң эл аралык резервинин көлөмү 6 миллиард 508,4 миллион АКШ долларын түздү.
10:35, 24.07.2025Улуттук банк банктарга эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берди
КРнын Улуттук банкынын 2025-жылдын 14-июлундагы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтому менен 2025-жылдын 1-октябрына чейин эскилиги жете элек нак АКШ долларын сыртка алып чыгууга уруксат берилди.
14:07, 18.07.2025Кыргызстандын банктары кызмат көрсөтүүлөрүн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ыңгайлаштырат
Коммерциялык банктар, төлөм уюмдары, банктык жана төлөм кызматтарын көрсөтүүчү башка юридикалык жактар белгиленген мөөнөттө мобилдик тиркемелерди, банкоматтарды жана төлөм терминалдарын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ылайыкташтырууга милдеттүү.
13:25, 17.07.2025Эркин болуу: Эмне үчүн Кыргызстан ийкемдүү валюта курсун тандаган?
Улуттук банк Кыргызстанда колдонулуп жаткан валюталык режим, өзгөрүлмө алмашуу курсунун артыкчылыктары жана чет элдик валютанын курсун аныктоо боюнча маалымат берди.
10:39, 17.07.2025Дана Сайфуллина: «Ар бир коллекциялык тыйындын дизайнынын өз кардарлары бар»
КРнын Улуттук банкынын өкүлү Дана Сайфуллина «Золотой червонец» журналынын вебинарына катышып, эстелик тыйындардын ийгилигине дизайн кандай таасир тийгизерин айтып берди. Ага «Гознак» ААКнын, Казакстандын, Беларустун жана Армениянын улуттук банктарынын кызматкерлери жана тыйын рыногунун эксперттери катышты.
16:29, 14.07.2025Алдар бизнесинин күчү: Кыргызстанда ишкер аялдарды колдоо Кодекси расмий түрдө кирди
Өлкөдө ишкер аялдарды каржылоо Кодекси ишке кирди. Бул аялдардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, аларга финансылык колдоо гана эмес, бизнести ийгиликтүү башкаруу үчүн керектүү билим жана инструменттер менен камсыз кылат.
10:01, 10.07.20252025-жылдын май айында Кыргызстанга келген акча которуулардын агымы 299 миллион долларды түздү
Негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн келген – 284 млн АКШ доллары. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга 15,2 миллион доллар жөнөтүлгөн. Ошону менен катар эле өлкөдөн акча которуулардын агылып чыгышы 36,2 миллион долларды түздү.
13:01, 09.07.2025Аялдардын ишкердиги үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр: Улуттук банк ишкер аялдарды каржылоо Кодексинин ишке киргизүүнү демилгелейт
4-июлда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ишкер аялдарды каржылоо кодексин расмий ишке киргизүү аземин өткөрдү. Ага КРнын Улуттук банкынын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Кепилдик фондунун, мамлекеттик органдардын, коммерциялык банктардын, финансы-кредиттик мекемелердин, кредиттик бюролордун өкүлдөрү катышты.
10:29, 07.07.2025Улуттук банк кепилдик фонддордун ишмердүүлүгүн жөнгө салуу эрежелерин жаңылады. Эмне өзгөрдү?
Финансы рыногунун адилеттүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу максатында Улуттук банк кепилдик фонддордун жаңыланган эрежелерин бекитти. Алардын арасында фонддордун ишинин негизги аспектилери анын ичинде «кепилдик ишмердүүлүгү», «кардар», «ФКУ», түшүнүктөрүн тактоо, ошондой эле КРнын Улуттук банкынын чечимдерине сотко чейинки милдеттүү даттанууну киргизүү кирет.
14:04, 03.07.2025Улуттук банк ата мекендик экспорттоочуларды колдоону сунуштады
КРнын Улуттук банкы токтом долбоорун сунуштады, анын максаты - экспорттоочуларды жана импорттоочуларды кредиттөөнү демилгелөө жана экономикалык өсүштү колдоо максатында иштелип чыккан.
13:54, 02.07.2025Улуттук банк коммерциялык банктардын туунду жана көз каранды компанияларынын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатты
Өзгөртүүлөр Кыргызстандагы банктарга өз ресурстарын эффективдүү колдонууга, тобокелдиктерди диверсификациялоого жана өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган. Ошону менен бирге, КРнын Улуттук банкы финансы системасына ишенимдүү көзөмөл жүргүзмөкчү.
11:18, 02.07.2025МинКаб менен Улуттук банк накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү программасын жаңылоону сунуштады
КРнын МинКабы жана Улуттук банктын токтом долбоорунда накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу жана маанилүү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Өзгөртүүлөр программанын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
14:39, 27.06.2025Кыргызстандагы онлайн акча которуулар: комиссия албоо 2026-жылга чейин узартылышы мүмкүн
КРнын Улуттук банкы оң тенденцияны сактоо максатында мобилдик тиркемелер жана интернет-банкинг аркылуу акча которуулар үчүн кошумча комиссия алууга тыюу салууну узартуу маселесин кароону пландаштырууда.
11:23, 25.06.2025Акча которуулардын аймактык рейтинги: лидерликте - Кыргызстандын түштүгү жана борбор калаа
2025-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга жалпы суммасы дээрлик 68 миллиард сомду түзгөн 2,8 миллиондон ашуун акча которуулары келип түшкөн. Акча которууларынын эң көп бөлүгү Бишкекке жана Ош облусуна туура келет.
13:49, 24.06.2025Биринчи кварталда Кыргызстанга дээрлик 68 миллиард сом акча каражаты которулган
Кыргызстанга 2025-жылдын биринчи кварталында 67 миллиард 934,8 миллион сом акча которуулары келип түштү. Ал эми чыгарылган акча которуулардын көлөмү 11 миллиард сомду түзөт.
12:33, 24.06.2025Банктар аялдардын ишкерлигин жана стратегиялык инвестицияларды колдоо үчүн жаңы инструменттерге ээ болушат
КРнын Улуттук банкынын токтому финансы-кредит уюмдарына ишкердик менен алектенген аялдарга каржылоону сунуштоосуна түрткү берүүгө багытталган. Документ жогорку рейтингге ээ уюмдардын гарантияларын эске алуу менен банктардын активдерин классификациялоо жана капиталдын жетиштүүлүгүн баалоо системасын өркүндөтүү, ошондой эле экономикалык өсүштү жана өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү максатында стратегиялык максаттарга багытталган ири көлөмдөгү чет элдик валютадагы кредиттердин өзгөчөлүктөрүн эске алуу максатында кабыл алынган.
18:08, 23.06.2025Скрудж Макдак суктанат: кыргызстандыктар он жыл ичинде канча алтын куймасын сатып алышты?
КРнын Улуттук банкы Banks.kg редакциясына инвестициялык алтын куймаларынын жарандарга сатылышы, алардын келип чыгышы, стандарттары жана учурдагы рыноктук тенденциялары тууралуу кеңири маалымат берди.
18:47, 20.06.2025Жогорку Кеңеш Улуттук банктын 2024-жылга карата отчетун жактырды
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевдин 2024-жылдагы банктын ишмердүүлүгү тууралуу отчету угулду.
14:43, 19.06.2025Мелс Аттокуров: «Ачык платформалар, инклюзивдүү чечимдер жана санариптик инструменттерге болгон ишеним — заманбап каржы тутумунун негизин түзүшү керек»
КРнын Улуттук банкы каржы секторун өнүктүрүү боюнча комплекстүү стратегияны активдүү ишке ашырып жатат. Ал стратегия негизги багыттарга — каржылык кызматтарды санариптештирүүгө, финтехти жөнгө салууга, инновациялык экосистемаларды туруктуу өнүктүрүүгө көңүл бурат. Бул тууралуу BIFF-2025 форумунда КРнын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуров билдирди.
09:45, 17.06.2025Сом менен болгон депозиттердин өсүшү жана долларлашуунун төмөндөшү: Улуттук банктын аналитикасы
Кыргызстандын Улуттук банкы 2025-жылдын биринчи чейрегиндеги депозит рыногунун абалы боюнча маалыматтарды жарыялады.
18:06, 10.06.2025Кыргызстанда банк карталарынын саны дээрлик 10 миллионго жетти
2025-жылдын I кварталында жүгүртүүдөгү банк карталарынын саны 9,8 миллионго жетип, 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2,3 миллионго көбөйгөн (ал кезде 7,5 миллион болгон).
14:31, 09.06.2025Кыргызстанда дагы бир жеке банк пайда болушу мүмкүн
Ушул жылдын 3-июнунда КРнын Юстиция министрлиги тарабынан чет өлкөлүк катышуучу уюму менен «Мурас Банк» жабык акционердик коому каттоодон өткөн.
12:21, 09.06.2025Кыргызстан менен Кытайдын каржы институттары чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча маселелерди талкуулашты
Кечээ, 3-июнда Пекин шаарында Кытайдын Финансы министрлигинин аянтчасында КРнын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев жана Финансы министри Алмаз Бакетаев менен Кытайдын Финансы министри Лань Фоань ортосунда эки тараптуу жолугушуу болду.
12:12, 04.06.2025