Темалар боюнча жаңылыктар: Улуттук банк
Жаңылыктар
Кыргызстандын банк секторунда ата мекендик капитал 80%дан ашыгын түзөт
Акыркы жылдары Кыргызстандын банк секторунда жалпы уставдык капиталдын өсүшүнүн туруктуу тенденциясы байкалып бир эле мезгилде ата мекендик капиталдын үлүшү көбөйүп, чет өлкөлүк катышуунун үлүшү азайган.
14:04, 14.10.2025Улуттук банк «Берекет Банк» ЖАКсын уюштурууга уруксат берди
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 10-октябрындагы чечими менен «Берекет Банк» жабык акционердик коомун уюштурууга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
10:01, 14.10.2025Кыргызстанда алтын куймаларынын бардык түрү кымбаттады
Апта башынан бери Кыргызстанда алтын куймаларынын баасы көтөрүлүп жатканы байкалууда. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришүүдө.
17:01, 10.10.20253 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыроо: SIM-карта жана электрондук капчыктарды сатуунун тобокелдиктери
КРнын Улуттук банкы антифрод-системасын жана шектүү транзакцияларга бөгөт коюуга банктарды милдеттендирди. Эми жөнгө салуучу орган электрондук төлөм инструменттерин, виртуалдык актив капчыктарын жана SIM-карталарды сатуу же өткөрүп берүү боюнча кардарлар менен түзүлгөн келишимдерге жоопкерчиликти, анын ичинде кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү көздөөдө.
15:41, 10.10.2025Кыргызстанда алтындын баасы жыл башынан бери рекорддук чекке жетти
Кыргызстандын Улуттук банкы өлчөнгөн алтын куймаларынын наркын жаңылады, бул баанын андан ары өсүүсүн көрсөтөт.
18:09, 07.10.2025Улуттук банк кардарларды алдамчылыктан коргоо үчүн катуу талаптарды киргизди
Буга чейин КРнын мыйзамдарында банк секторунун алдамчылыктан коргоо тутумдарына карата талаптар жок болчу. Улуттук банктын токтому банк тармагындагы алдамчыларга каршы күрөштү күчөтөт.
11:00, 03.10.2025Бир жыл ичинде бешинчи валюталык интервенция: Улуттук банк валюта рыногуна 38 млн доллар сатты
Кечээ, 1-октябрда Улуттук банк валюта рыногуна АКШ долларын сатты. Валюталык интервенциялардын максаты – мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн улуттук валютанын курсунун туруктуулугун сактоо.
13:23, 02.10.2025Банктарга эскилиги жете элек нак АКШ долларын сыртка алып чыгууга берилген мөөнөт узартылды
КРнын Улуттук банкы эскилиги жете элек нак АКШ долларын сыртка алып чыгууга 2026-жылдын 1-апрелине чейин уруксат берүү токтомун кабыл алды. Бул чечим менен бүгүн, 1-октябрда бүтө турган убактылуу уруксаттын мөөнөтү узартылды.
11:37, 01.10.2025Улуттук банк коллекциялык монеталардын эскиздерин иштеп чыгууга сүрөтчү-дизайнерлерге сынак жарыялады
Финансылык жөнгө салуу орган, 2026-жылга КРнын улуттук валютасынын эки күмүш коллекциялык монеталарынын дизайнына талаптарды жарыялады: «Тайган жарыш» жана «Өрүкзар» монеталары.
10:01, 25.09.2025Июлда Кыргызстанга которулган акчанын жалпы көлөмү 317,7 миллион долларды түздү
Июль айында жеке жактардын чек аралык акча которууларынын агымы июнь айындагы акча которуулардын көлөмүнөн 22,6 миллион долларга ашты. Эң көп агым КМШ өлкөлөрүнөн келип, 298,4 миллион долларды түздү, ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген агым 19,3 млн долларды түздү.
12:08, 23.09.2025Улуттук банк төлөмдөрдү үзгүлтүккө учуратпоону буйруду: QR-коддор жалгыз төлөм ыкмасы болбойт
QR-коддордун жардамы менен төлөөдө үзгүлтүккө учураган учурларга байланыштуу, Улуттук банк төлөм системасынын негизги катышуучуларына үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүнү камсыздоо үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну жана бизнес-процесстерди оптималдаштырууну тапшырды.
16:07, 19.09.2025Улуттук банк акчаны сом менен баалоочу инструментти ишке киргизди
Кыргызстандын Улуттук банкы каржы системасын чыңдоонун жаңы инструментин иштеп чыкты. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков маалымат жыйынында билдирди.
13:44, 19.09.2025Улуттук банк банктардагы шариаттык башкарууну жакшыртат
КРнын Улуттук банкы ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук актыларын шариатты башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү бөлүгүн өркүндөтүүгө багытталган токтом кабыл алды.
11:17, 18.09.2025Улуттук банк валюта алмаштырууга көзөмөлдү күчөтүү боюнча жаңы чараларды кабыл алды
КРнын Улуттук банкынын акча алмашуу бюролоруна ички көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул чаралар өлкөдөгү каржылык агымдарга көзөмөлдү күчөтүү, уюшкан кылмыштуулукка жана мыйзамсыз иштин башка түрлөрүнө каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
11:07, 17.09.2025Кыргызстандын Улуттук банкы 81,5 млн АКШ долларына интервенция жүргүздү
15-сентябрда Улуттук банк валюта рыногуна АКШ долларын сатты. Бул быйылкы жылдын эсебинен төртүнчү интервенция.
16:37, 16.09.2025Өлкөдө орточо айлык акы 42,5 миң сомго чейин жогорулады
Бүгүнкү күндө эмгек акынын деңгээли былтыркыга салыштырмалуу 20%га жогорулады. Өсүү бардык тармактарда, өзгөчө курулуш жана кыймылсыз мүлктө катталган.
15:17, 15.09.2025Кыргызстандын банктык сектору активдерин 1 триллион сомго чейин көбөйттү
Кыргызстандын Улуттук банкы 2025-жылдын башынан бери банк секторунун негизги көрсөткүчтөрү олуттуу өскөнүн билдирди.
10:06, 15.09.2025Улуттук банк мамлекеттик «Кылым Банк» ААКсын уюштурууга уруксат берди
КРнын Улуттук банкы 2025-жылдын 10-сентябрындагы чечими менен «Кылым Банк» ачык акционердик коомун уюштурууга уруксат берди.
11:09, 12.09.2025Укуктук-ченемдик базага «вакаля бил-истисмар»киргизүү: Кыргызстан исламдык каржылоонун дүйнөлүк трендин ээрчүүдө
Кыргызстанда «вакаля бил-истисмар» келишиминин кабыл алынышы ислам банкингин өнүктүрүүгө багытталган дүйнөлүк тенденцияларга шайкеш келет. Бул инвестицияны көбүрөөк тартууга жана жарандарды шарияттын принциптерине туура келген жаңы каржылык инструменттер менен камсыз кылат.
10:07, 08.09.2025Кыргызстандын эл аралык резервдери рекорддук көрсөткүчкө 7 млрд долларга жетти
2025-жылдын 3-сентябрына карата өлкөнүн жалпы эл аралык резервдери жаңы бийиктикке жетип, 7 021,21 млн АКШ долларын түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын башынан тартып 1 933,1 млн АКШ долларына же 38,0%га өстү.
17:04, 05.09.2025Акыркы беш жылда Улуттук банк 99 интервенция жүргүздү – алардын көлөмү канча?
Валюталык интервенция бул – Улуттук банктын өзгөрүлмө режим учурунда сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн негизги инструмент болуп саналат. Бул практика өткөн жылдардагы активдүү интервенция саясатынын уландысы болуп саналат.
10:02, 05.09.2025Улуттук банк эскирген долларларды алып чыгууга уруксатты кайрадан узартты
Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 13-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жеткен нак АКШ долларларын алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтомуна токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.
11:39, 01.09.2025Төлөмдөрдүн башка түрлөрүнө караганда QR-коддор кеңири колдонула баштады
Кыргызстанда үч жыл ичинде улуттук стандарттуу QR-коддордун саны бир нече эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук банктын санариптик жана каржылык технологияларды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айгүл Бакесариева билдирди.
16:05, 29.08.2025«Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар» күмүш монетасы жүгүртүүгө чыгарылат
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышында жана өнүгүшүндө көрүнүктүү инсандардын эмгегин жана ролун таануу максатында 1-сентябрдан тарта «Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар» күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгарылат.
14:59, 29.08.2025Улуттук банк эсептик ченди 9,25 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды
КРнын Улуттук банк Башкармасы 25-августтда эсептик ченди (негизги чен) 9,25 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 26-августтан тарта күчүнө кирет.
11:17, 27.08.2025Банктар менен Улуттук банктын кирешелери рекорддорду жаңылады
Биринчи жарым жылдыкта Кыргызстандын финансы секторунда 554 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 21 коммерциялык банк, 514 банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар жана 18 камсыздандыруу компаниясы иштеген.
10:32, 26.08.2025Жөнгө салуудан ТАББга чейин: Улуттук банк кантип банк системасынын ишенимдүүлүгүн камсыздайт
Кыргызстандын каржылык системасынын туруктуулугун камсыздоодо негизги элемент болуп эсептелген Улуттук банктын көзөмөл функциялары, тышкы көзөмөл жана инспектордук текшерүүлөр тууралуу Улуттук банктын Банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Капаркул уулу Улан айтып берди.
16:17, 20.08.2025Гросстук эсептешүү системасындагы өзгөртүүлөр: Улуттук банк төлөм эрежелерин жаңылоодо
Улуттук банк КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы «Кыргыз Республикасында Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт.
16:06, 18.08.2025Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча 20 миллиондон ашык транзакция төлөм уюмдары аркылуу жүргүзүлдү
2025-жылдын биринчи кварталында төлөм уюмдары 227 миллиард 257,93 миллион сомдук дээрлик 105 миллион транзакцияларды жүргүзүшкөн.
09:54, 15.08.2025Кыргызстанда үч жаңы коммерциялык банк пайда болот
Кыргызстандын Улуттук банкы үч жаңы каржы институтун түзүүгө уруксат берди: «Алма Финанс Банк» ЖАК, «Мурас Банк» ЖАК жана «Асман Банк» ЖАК.
18:02, 14.08.2025