Темалар боюнча жаңылыктар: Улуттук банк
Жаңылыктар
Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу: актуалдуу суроолорго жооп
100 миңге жакын кыргызстандык «Түндүк» тиркемеси аркылуу насыя алууга өзүнө-өзү тыюуну активдештирүү менен өз каражаттарын коопсуз кылышты. КРнын Улуттук банкы өзүнө-өзү тыюу салуу боюнча көп берилүүчү суроолорго жооп берди.
15:33, 08.01.2026Кыргызстанда бизнес үчүн күрөөсүз кредиттер жеткиликтүү болот
КР УБ чакан жана орто ишканаларды күрөөсүз насыялоону өнүктүрүүгө багытталган демилгени сунуштады. Токтом долбоорунда «ишкердик» максаттар үчүн күрөөсүз кредиттер боюнча милдеттүү резервдерди эки эсе кыскартуу жолу менен банктар үчүн жөнгө салуу жүгүн азайтуу сунушталууда.
12:43, 08.01.2026ФККС жана кредиттик союздарды лицензиялоонун жана иштетүүнүн жаңы эрежелери киргизилди
Улуттук банк Башкармасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКтын жана кредиттик союздардын ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдүкиргизүү жөнүндө» токтом кабыл алды.
13:35, 05.01.20262025-жылдын рекорддук интервенциясы: Улуттук банк 179,5 млн доллар сатты
Кечээ, 22-декабрда Улуттук банк ички валюта рыногуна 179,5 миллион АКШ доллар сатты. Сегизинчи интервенция быйылкы жылдын эң ири интервенциясы болду.
11:17, 23.12.2025Бишкекте жаңы «Алма Банк» коммерциялык банкынын кеңсеси ачылууда
Борбор калаанын борборунда, Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде Banks.kg редакциясынын кабарчысы жаңы коммерциялык банктын имараты — «Алма Финанс Банк» ЖАКсынын ачылышына даярдалып жатканына күбө болду.
10:20, 23.12.2025Кыргызстан Борбор Азиянын «экономикалык жолборсуна» айланууда
17-декабрда америкалык Bloomberg маалымат агенттиги КР Улуттук банкынын башкармалыгынын төрагасы Мелис Тургунбаевдин маегин жарыялады. КРнын Улуттук банкынын башчысы жаңы экономикалык курска токтолду.
11:08, 19.12.2025Улуттук банк: Freedom банктан эч кандай билдирүү келип түшкөн жок
Freedom Holding Corp холдингинин башчысы, миллиардер Тимур Турлов өзүнүн банктык империясын Казакстандан тышкары жигердүү кеңейтүүдө. Анда ЖМКлар «Казакстандын Фридом банкы» Кыргызстанда туунду банк түзүп, ал кийин банк болорун маалымдашкан.
10:33, 17.12.2025Чыңгыз Айтматовдун 97 жылдыгы: Жазуучуга арналган эстелик монеталарды эске салабыз
Кыргызстанда 12-декабрда дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 97 жылдыгы белгиленүүдө. 2009-жылы КРнын Улуттук банкы анын чыгармачылыгына арналган күмүш коллекциялык монеталардын сериясын жүгүртүүгө чыгарган.
15:26, 12.12.2025Улуттук банк коммерциялык банктарга коюлган талаптарды катаалдатууну пландап жатат
Күчтүү банктар кардарлардын жана контрагенттердин арасында чоң ишенимди жаратып, рынокту бекемдейт, ал эми уставдык капиталдын жогору болушу банктарга эффективдүү иштөөгө жана насыялоону жана инвестицияны кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
11:18, 10.12.2025«Берекет Банк» Кыргызстандын банк системасына кирди
2025-жылдын 8-декабрына карата «Берекет Банк» Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын тизмесине кирип, республикадагы 22-коммерциялык банк болуп калды.
09:53, 09.12.2025Улуттук банк «Берекет Банк» жана «Айыл Банкка» лицензия берди
2025-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы «Берекет Банк» ЖАК жана «Айыл Банк» ААКка лицензия берди.
14:38, 08.12.2025Улуттук банк кезектеги коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды
Бүгүн, 8-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары» сериясындагы «Тушоо кесүү» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды.
13:26, 08.12.2025Улуттук банк жылдын жетинчи валюталык интервенциясын өткөрдү
5-декабрда, Улуттук банк валюта рыногуна 83 миллион АКШ долларын сатты. Ал эми быйыл тескери интервенциялар болгон жок.
10:13, 08.12.2025Валюта алмаштырууда талаш маселе жаралса каякка кайрылуу керек?
Улуттук банк расмий түрдө канча акча алмаштыруучу жай иштеп жатканын, аларга карата көзөмөл кандай жүрүп жатканын жана ушул жылы кандай чаралар көрүлгөнүн билдирди.
11:43, 02.12.2025Улуттук банк кредиттик союзду реформалоону даярдоодо: ФККС жеке жана юридикалык жактарга насыя берүү укугун алат
КРнын Улуттук банкы кредиттик союздун Финансы компанияларынын ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө, тагыраагы кредиттик союздарга эле эмес, жеке жана юридикалык жактарга да кредит берүү укугун берүүчү токтом долбоорун даярдады.
15:51, 01.12.2025Улуттук банк 6 интервенция жасап, резервдердин көлөмү дээрлик 8 млрд долларга жетти
Кыргызстандын экономикалык активдүүлүгү жогорку деңгээлде уланууда. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.
16:04, 25.11.2025Улуттук банк инфляцияны кармоо үчүн эсептик ченди 11%га чейин жогорулатты
Улуттук банк башкармалыгы 24-ноябрда эсептик ченди 100 базистик пунтка -11 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды.
13:38, 25.11.2025Үч аптада 46 713 адам кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салды
Ушул жылдын 1-ноябрынан тарта жеке жактар кредиттик келишимдерди түзүүгө өз алдынча жана акысыз тыюу салууга мүмкүнчүлүк алышты.
12:37, 24.11.2025Улуттук банк кредиттик саясатка жана күрөөгө мониторинг жүргүзүү механизмдерине өзгөртүүлөрдү киргизди
КРнын Улуттук банк Башкармасынын жаңы токтому банктардын кредиттик саясатын жана күрөөгө мониторинг жүргүзүү ыкмаларын өркүндөтүүгө багытталган, ошондой эле виртуалдык активдер менен операцияларды жүргүзүү жана банктар менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзөт.
15:05, 13.11.2025Төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлорун кардарларды коргоо боюнча чара кабыл алынды
КРнын Улуттук банкы төлөм уюмдарынан жана төлөм системасынын операторлорунан ар бир аралыктан жүргүзүлгөн операцияга мониторинг жүргүзүүнү талап кылуу менен алдамчылыктан коргоону күчөттү.
12:18, 13.11.2025Эң ири валюталык интервенция. Улуттук банк 173,9 млн долларды сатты
Улуттук банк 10-ноябрда жыл башынан бери эң ири валюталык интервенцияны жүргүзүп, банктар аралык валюта рыногуна 173,9 млн доллар сатты.
11:07, 11.11.2025Бир аптада 19 553 адам насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматын иштетти
КРнын Улуттук банкы жарандарды алдамчылыктан коргоонун маанилүү механизмин киргизди. 2025-жылдын 1-ноябрынан тарта жеке тараптар өз ыктыяры менен жана акысыз кредиттик келишимдерди түзүүгө өзүнө-өзү тыюу сала алат.
17:44, 10.11.2025Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Улуттук банктын көзөмөлүнөн чыгарылды
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамга кол койду.
18:07, 05.11.2025Кыргызстанда 1-ноябрдан тарта насыяларга өзүнө-өзү тыюу салуу ишке киргизилет
КРнын Улуттук банкы жарандарды алдамчылыктан коргоо үчүн жаңы маанилүү механизмди киргизди. 1-ноябрдан баштап жеке тараптар өз алдынча жана акысыз түрдө кредиттик келишимдерди түзүүгө убактылуу тыюу салып же ал тыюуну алып салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
09:33, 30.10.2025Кыргызстанда 20 жана 50 сомдук банкноттор чыгарыла баштайт
Кыргызстанда 2025-жылдын ноябрь айынын аягына чейин 20 жана 50 сомдук банкноттор чыгарыла баштайт. Бул тууралуу Улуттук банктын жаңы имаратынын ачылыш аземинде белгилүү болду.
09:07, 30.10.2025Улуттук банк эсептик ченди 10 пайызга чейин жогорулатты
Кечээ, 27-октябрда Улуттук банк башкармалыгы эсептик ченди 75 базистик пунктка, 10 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Мындай чечим 28-октябрынан тартып күчүнө кирди.
13:56, 28.10.2025Улуттук банктын резерви көбөйүп, кирешеси 13 эсеге өстү
КРнын Улуттук банкынын кирешеси 2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен эң чоң өсүшкө жетип, өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн дээрлик 13 эсе көп болду.
11:33, 22.10.2025Насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюуну белгилөө жана алып салуу тартиби жакынкы арада бекитилет
Бул тартипти белгилөөгө багытталган токтом долбоору КРнын Улуттук банкы тарабынан иштелип чыккан. Өзүнө-өзү тыюу салынган учурда насыя алуу мүмкүнбү жана бул механизм кандай иштейт, Улуттук банктан Banks.kg порталына түшүндүрмө беришти.
15:49, 21.10.2025Улуттук банк электрондук акчаларды чыгарууну жөнөкөйлөтүүнү көздөөдө
КРнын Улуттук банкынын жаңы токтом долбоору төлөм уюмдары тарабынан электрондук акчаларды чыгаруу процессин укуктук жөнгө салууну камсыз кылат, ошондой эле инновациялык төлөм кызматтарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп, калктын финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтет.
15:27, 20.10.2025Алтындан биржалык баасы тарыхый рекордду кайрадан жаңылады
Дүйнөдө алтындын биржалык баасы тарыхый рекорддорду жаңылоону улантууда. Кыргызстанда да бул баалуу металлга болгон баа кымбаттап жатат.
09:48, 17.10.2025