2025-жылдын 23-октябрында КРнын Улуттук банк Башкармасы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алган. Түзөтүүлөр жарандардын укуктарын коргоону күчөтүүгө жана кредиттик камсыздоону жакшыртууга багытталган. Документ кредиттик бүтүмдү түзүүгө өз алдынча тыюу салууну өз алдынча белгилөө жана аны алып салуу мүмкүнчүлүгүн киргизет.
Улуттук банктан билдиришкендей, ноябрь айынын 1нен 7сине чейин 19 миңден ашуун адам «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салды.
Буга чейин Banks.kg порталы кантип насыя алууда өзүнө-өзү тыюу салса болорун түшүндүрүп берген.
Эске салсак, КРнын Улуттук банк Башкармасынын «Кредиттик бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун 2025-жылы сентябрь айында коомдук талкууга сунуштаган.
2025-жылдын апрель айында «Элдик Банк» Кыргызстанда биринчилерден болуп, кредиттерге өзүнө-өзү тыюу салуу механизмин сынаган. Банк «El.Kalkan» киберкоопсуздук долбоорун ишке киргизип, анын биринчи компоненти «Кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу» кызматы болгон.
