Минкабдын токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Кенемте жөлөк пул менен бирге санариптик система аркылуу автоматтык түрдө берилет.
Компенсациянын өлчөмү калк үчүн колдонулуп жаткан тариф менен 1 кВт/саатына 50 тыйындык тарифтин ортосундагы айырма катары эсептелет. Жеңилдик электр энергиясын керектөөнүн белгиленген көлөмүнүн чегинде берилет:
- жай мезгилинде (1-апрелден 1-октябрга чейин) — айына 400 кВт/саатка чейин;
- кыш мезгилинде (1-октябрдан 1-апрелге чейин) — айына 700 кВт/саатка чейин.
Учурда «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун 41 695 аз камсыз болгон үй-бүлө алат. Алардын ичинен 39 652 үй-бүлө электр энергиясына берилген жеңилдиктерди пайдаланып келет.
Жаңы механизм учурда турак жайы же туруктуу каттоосу жок болгондуктан жеңилдик ала албай жаткан калган 5% үй-бүлөнү да камтууга жардам бериши керек.
Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы система жардамды даректүү жана жеткиликтүү кылат. Ошондой эле үй-бүлөлөргө жеңилдикти электр энергиясынын жеке эсебине байланыштырып кереги жок болот.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.